ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июну №6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди аукцион аркылуу ижарага жана жеке менчикке берүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.
- Комиссиянын төрагасы: З.Исмаилов Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
-
- Комиссиянын катчысы: Т.Раимбердиева: Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
мүчөлөрү:
- Н.Маматназаров: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинине караштуу ресурстары кызматынын алдындагы КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалынын директору (макулдашуу менен)
- Ш.Исматиллаев: Чон-Алай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси (макулдашуу менен)
- Ш.Жанботоев: Аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен)
- Абдилай уулу Таалай: Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)
- З.Исаков: Чон-Алайа йылөкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов