Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №7

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы  Балтырганды, Кум-Талаа, Арык үстү, Какыр жана Сары-Таш жаңы конуштарына даярдалган  башкы пландарын бекитүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы Балтырганды, Кум-Талаа, Арык үстү, Какыр жана Сары-Таш жаңы конуштарга даярдалган  башкы пландарын бекитип берүү  жөнүндөсунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кенештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы тактап айтканда Кум-Талаа участкасынан 80,0 га, Балтырганды участкасынан 44,77 га, Какыр участкасынан 13,0 га, Арык-Үстү участкасынан 7,0 га, Сары-Таш участкасынан 1,30 га жалпы 146,07 га жер аянтында жайгашкан жаңы конуштарга даярдалган  башкы пландары бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                   С.Мойдунов