КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жыл 1-февралы №3
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2024-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сапарбековдун 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчетун жана Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сапарбековдун 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата иш планы бекитилсин жана бюджети 3261,6 миң сом болуп бекитилсин.
3. “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
а) Таштанды чыгаруу үчүн;
- Тогуз-Торо районунун аймагында иш аракет жүргүзгөн бардык юридикалык жактар тарабынан “Тагай” таштанды полигонуна төгүлгөн 1м3 таштандылар үчүн - 440 сом өлчөмүндө,
- “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан чыгарылган таштандыдан айына бир түтүнгө -150 сом, жеке юридикалык жактар үчүн - 400 сом өлчөмүндө,
- “Тагай” таштанды полигонуна таштанды төгүү үчүн кирген автотехникадан алынуучу тариф:
- жеңил автомашинанын чиркегичине - 50 сом,
- портер спринтер автомашинасына - 100 сом,
- ГАЗ-53, ЗИЛ автомашиналарына - 150 сом,
б) Таза суу үчүн;
- “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынан таза суу киргизүүгө техникалык шарт алуу үчүн - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө,
- Таза суу үчүн төлөм жан башына айына короонун ичинен чыгарып алгандарга - 38 сом 50 тыйын, көчөдөн алып ичкендер үчүн - 19 сом 25 тыйын.
в) Техникалар менен кызмат көрсөтүү үчүн Казарман айылынын ичине;
- Газ-53 жана “МТС” 82.1 трактору менен бир рейс таштанды жана кык чыгарууга - 1500 сом,
- Ассенизатор техникасы менен кызмат көрсөтүүгө бир рейси - 3000 сом,
- Эксковатор техникасына кызмат көрсөтүүгө саатына;
- юридикалык жактар үчүн - 3000 сом, 15 л соляркасы менен,
- физикалык жактар үчүн - 2000 сом, 15 л соляркасы менен,
- Водовоз техникасы менен кызмат көрсөтүүгө бир рейси;
- юридикалык жактар үчүн - 3000 сом,
- физикалык жактар үчүн - 2000 сом өлчөмүндө,
- мындан сырткары жогорудагы техникалар үчүн Казарман айылынан башка айылдарга чыкканда күйүүчү майы келишимдин негизинде бекитилсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сапарбековго 2024-жылга карата бекитилген иш-пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. “Тагай” таштанды полигонунун киреберишине “Курулуштан чыккан таштандыларды төккөндөргө мыйзамга ылайык айып пулдар салынат” деген банер койдуруу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сапарбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И. Токтоболотов |