Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 7-июлу №1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде  аткарылышы тууралуу маалыматы боюнча  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 50 930 400 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  36 562 494 сомду түзүп

-       аппаратка  11 537 023 сом

-       мектептерге 3 388 460 сом

-       бала бакчаларга 5 179 145 сом

-       бала бакчалардын атайын каражатарына 1 257 577  сом

-       китепканаларга  935 053  сом

-       маданий иш чараларга 536 500  сом

-       клубтарга 1 133 084  сом

-       өзгөчө кырдаалдарга 770 000 сом

-       ЖКХ  8 103 908 сом

-       социалдык жардамдарга 1 439 872  сом

-       компенсацияга  1 048 800 сом

-       айылдык кеңешке 405 525  сом

-       статистке 312 487   сом

-       жайытка 515 060 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

         

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                   С.Мойдунов