Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

  

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин  жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн  15 430 600сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2023-жылдагы бюджетине толукталып алымча кошумчасы менен төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

      - аппаратка 786 800 сом

      - мектептерге 2 715 700 сом

      - бала бакчаларга 2 568 100 сом

      - ЖКХ 9 360 000сом.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                 С.Мойдунов