Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №4

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Б.Чолпонбаевдин  кайрылуусун кароо  жөнүндө

  

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон  айылынын тургуну Б.Чолпонбаевдин турак жай куруу үчүн же участогунун  багытын өзгөртүп берүү боюнча сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары  айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон  айылынын тургуну Б.Чолпонбаевдин  жеке менчигине таандык 1160,0 м2 кампа үчүн жер участкасынын максаттуу багыты өзгөртүлүп турак жай   катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов