Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июлу №9

Кум-Талаа жаңы конушунан муниципалдык кызматкерлерге көп батирлүү кызматтык турак жай куруу үчүн берилген 0,80 га жер аянтын кайтарып алуу  жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу  Кум-Талаа  жаңы конушунан муниципалдык кызматкерлерге көп батирлүү турак жай куруу үчүн берилген 0,80 га жер аянтын кайтарып алуу жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун кайрылуусу боюнча тактап айтканда Кум-Талаа  жаңы конушунан муниципалдык кызматкерлерге көп батирлүү кызматтык турак жай куруу үчүн берилген 0,80 га жер аянтына курулуш курулбай калгандыгына байланыштуу 0,80 га жер аянты Чоң-Алай айыл өкмөтүнө кайтарылып алынсын.

 

2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

3. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-июлундагы 20-сессиясынын кезектеги отурумунун №4сандуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге көп батирлүү турак жай куруу үчүн Кум-Талаа жаңы конушунан 0,80 га жер аянтын берүү жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                                                                       

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                               С.Мойдунов