ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июлу №10
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын тургуну А.Мадалиевдин Дароот-Коргон айылынын түштүк тарабындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгиндеги Туздун-Токойу участкасынын № 1284 контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын тургуну А.Мадалиевдин кайрылуусу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 31-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын түштүк тарабындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгиндеги суу фондусунда турган тактап айтканда Туздун-Токойу участкасынын № 1284 контурунда жайгашкан чополуу жайыт эсебинде турган 1,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов