НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 3-февралы №4/1
2022-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовдун билдирүүсүнүн негизинде 2022-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин карап, талкуулап, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун жана Нариман айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 65299,7 мин сом жана чыгаша бөлүгү 65299,7 мин сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп 12735,0 сом, жайыт комитети 320,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин. 2023-жылга бюджет долбоору 65867,9 мин сом, 2024-жылга 66615,9 мин сом бекитилсин.
2. Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын 43 штаты бекитилсин, анын ичинде 13 бирдик айыл башчы жана 4 бирдик тейлөөчү, 6 бирдик ВУС кызматкерлери бекитилсин.
3. Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин планда бекитилген жалпы суммасынын 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.
4. 2022-жылдын ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына укук берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |