Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 3-февралы №4/2
Нариман айыл өкмөтүндөгү жер аянттарын ачык тоорук аркылуу сатуу жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановдын Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы 1000 чарчы метр жер аянтын ачык тоорук аркылуу сатууга коюу жөнүндө корутундусун карап чыгып, угуп, талкуулап, жетинчи чакырылышынын депутаттарынын IV сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер адиси Б.Мамажановдын корутундусунун негизинде Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы 1000 чарчы метр жер аянтын жер кодексинин мыйзамдарынын негизинде ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |