Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 3-февралы №4/3

Нариман айыл аймагынын Тажи Абад айылындагы № 134 маршруттук  каттамдын наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын тургундарынын № 134 маршруттук каттамды шаар ичинде 15 сом, шаардын четиндеги айылдарга 20 сомдон наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып  Нариман айылдык кеңеши

 

     ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.   Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын тургундарынын № 134 маршруттук каттамды шаар ичинде 15 сом, шаардын четиндеги айылдарга 20 сомдон наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын жана шаар ичинде 15 сомдон, шаардын четине  20 сомдон белгиленсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов