Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

 

2022-жылдын 3-февралы №4/6

Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылындагы таза ичимдик суу наркын көтөрүп берүү жөнүндө

 

Нариман айыл аймагынын Зарбдар  айылынын тургундарынын  таза  ичимдик суу наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү протоколун карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нариман айыл аймагынын  Зарбдар  айылында ар бир жан башына  25 сомдон, суу өлчөөчү эсептегичи бар бюджеттик ишканалардын керектелүүсү үчүн  1м3 үчүн 15,41 сомго жана  сүү өлчөөчү эсептегичи  бар коммерциялык ишканаларга  1м3 үчүн 46,90 сомдон белгиленсин.   

 

2. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана     агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Нуманов