НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 15-марты №6/1
ВЛКСМ айылындагы ВЛКСМ орто мектебинин атын Бойматов Холматтын атын коюп өзгөртүү жөнүндө
ВЛКСМ айылынын тургундарынын арыздары, суроо талаптары жана ВЛКСМ орто мектебинин окуу тарбия бөлүмүнүн башчысы Мавлянова Насибанын берген маалыматын угуп, талкуулап, кеңири ой пикир, сунуштардан кийин Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ВЛКСМ айылынын тургундарынын арыздары, суроо талаптарынын негизинде ВЛКСМ айылындагы “ВЛКСМ” орто мектебине Бойматов Холматтын ысымы ыйгарылып, мектептин аты Бойматов Холмат атындагы орто мектеби деп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |