Редакцияот 19.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенештин XXVII чакырылган кезексиз XVIII отурумунун

 

2018-жылдын 19-апрелиндеги № 115

 

Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн  жер тилкесин кароо жөнүндө

 

Кегети Айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Совет айылынын 155 тургундарынан: Совет айылынын Молдоасан көчөсү менен Школьный көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн 0,15 га жер тилкесин карап берүүнү сураган кайрылуу менен тааныштырды.

Депутаттар угуп, талкуулап

Кегети Айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кегети айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик куруу үчүн 0,15га жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

2. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кегети айылдык Кенешинин

төрагасы

 

А.Абдрахманов