НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 15-марты №6/2
Айыл чарба багытындагы жараксыз жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Нариман айыл аймагынын 24.12.2021-жылдагы актынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасы, Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 24.01.2022-жылдагы чыгыш № 01-8/5-04-11/37 каты жана Нариман айыл өкмөтүнүн 21.02.2022-жылдагы чыгыш № 178 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 09.03.2022-жылдагы чыгыш
№ 04-3/1097 сандуу каты, Нариман айыл өкмөтүнүн 24.0.2022-жылдагы чыгыш № 180 каты, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресрустары, экология жана технологиялык көзөмөл министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 28.02.2022-жылдагы № 02-3/863 каты, Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановдун 15.03.2022-жылдагы корутундусун эске алып, 15.03.2022-жылдагы Нариман айылдык кеңешинин сессиясынын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинын № 12-13 статьясынын талаптарына ылайык Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Жийделик айылындагы № 347 контурунда жайгашкан Манас айлампасынын жанындагы авто жолдун боюнда жайгашкан муниципалдык менчикте турган максаттык багыты айыл чарбасына жараксыз болгон 2216 чарчы метр жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жараксыз жерлер” категориясынан “Өңөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык которууга макулдук берүү сунушталат.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |