Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 414
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 9-беренесин, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 1 тиркемесинин 54-пунктунун 8-абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |