САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 26-февралы № 8/45
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 1,2,3-бөлүгүнө, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-11-бөлүмүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын чогулушунун 26-февраль 2024-жылдагы №1 протоколуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын чогулушунун 26-февраль 2024-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Дүйшөнбек уулу Айдархан төрага болуп шайланды деп табылсын.
Төраганын орун басары |
C. Т. Абласова |