Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 414 токтомуна) |
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ички квалификациялык тандоо - Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан потенциалдуу талапкерлерди баалоо жана тандоо жол-жобосу;
2) кызмат адамдары - ЕЭК департаменттеринин директорлорунун жана ЕЭК департаменттеринин директорлорунун орун басарларынын кызмат орундарына дайындалган, Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ, Бирлик) мүчө мамлекеттердин жарандары;
3) кызматкерлер - ЕЭКтин департаменттеринде алар менен түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде иштеген жана кызмат адамдары болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) ички квалификациялык тандоонун катышуучусу (мындан ары - катышуучу) - ички квалификациялык тандоого катышууга арыз берген жана уруксат берилген адам.
3. Квалификациялык тандоону жүргүзүүнүн максаты болуп ЕЭКте Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациялуу адистер менен өкүлчүлүгүн камсыз кылуу саналат.
4. Ички квалификациялык тандоого катышууга төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар;
2) тиешелүү жана/же чектеш багыттардагы жогорку билими бар; ЕЭКтин кызмат адамдарынын кызмат орундарын ээлөөгө профили же чектеш багыттар боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана ЕЭК кызматкерлеринин кызмат орундарын ээлөөгө тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш стажы бар; ошондой эле ЕЭК Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 чечими менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар.
2. Ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жана шарттары
5. Ички квалификациялык тандоону уюштурууну жана өткөрүүнү ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
Эң жогорку баллды (ЕЭК кызмат адамдары үчүн) жана белгиленген босоголук баллды (ЕЭК кызматкерлери үчүн) алган катышуучулар ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө сунушталгандар болуу укугуна ээ болот.
6. Кызмат адамдарынын кызмат орундарына кабыл алууга ички квалификациялык тандоо зарылчылыгына жараша мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. ЕЭК департаменттеринде кызматкерлердин кызмат ордуна кабыл алууга квалификациялык тандоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан 6 айда кеминде 1 (бир) жолу жарыяланат жана жүргүзүлөт.
8. ЕЭК кызмат адамынын жана кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо үчүн ыйгарым укуктуу орган:
1) өзүнүн расмий сайтында ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялайт;
2) ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде документтерди кабыл алууну жүргүзөт;
3) документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 10 (он) жумуш күн өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ички квалификациялык тандоонун этаптарын өткөрүү графигин жайгаштырат;
4) Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгат жана даярдайт;
5) катышуучулардын тизмесин түзөт;
6) ички квалификациялык тандоо өткөрүлгөнгө чейин 5 (беш) жумуш күн мурда өзүнүн расмий сайтына кулактандыруу жарыялоо аркылуу ички квалификациялык тандоо өткөрүлүүчү жер, датасы жана убактысы жөнүндө талапкерлерге кабарлайт.
9. ЕЭК кызмат адамынын жана кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) бош кызмат ордунун аталышы;
2) бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) бош кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;
4) ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
5) документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.
10. Талапкерлерди ички квалификациялык тандоо талапкерлерди ички квалификациялык тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
11. Конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен бекитилет.
12. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат жана ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмүнүн, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирден өкүлү кирет.
13. Иштин адистештирилген түрлөрүндө атайын кесиптик билимдерди текшерүүнү жүргүзүү үчүн Конкурстук комиссия тиешелүү тармактык мамлекеттик органдардын эксперттерин, адистерин тартууга укуктуу. Эксперттердин, адистердин тыянактары Конкурстук комиссия тарабынан талапкерлерди тандоодо эске алынышы мүмкүн.
14. Конкурстук комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдан жетекчи жана ЕАЭБ маселелерин тейлеген жетекчинин орун басары кирет.
15. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналат.
16. Ички квалификациялык тандоо төрт этапта жүргүзүлөт:
1) документтерди кабыл алуу жана кароо;
2) компьютердик тестирлөө (жалпы жана кесиптик билимдерди текшерүү);
3) берилген темаларга жазуу иши (эссе);
4) аңгемелешүү.
17. Ички квалификациялык тандоону жүргүзүүдө Конкурстук комиссия:
1) талапкерлер тарабынан берилген документтерди карайт жана аларды тандоого киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
2) берилген темаларга жазуу иштерин (эссе) баалайт;
3) катышуучулар менен аңгемелешүү жүргүзөт;
4) тандалып алынган катышуучуну (талапкерди) ЕЭКтин кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына - ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
18. Жаранга ички квалификациялык тандоого катышууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен белгилүү бир мөөнөт ичинде мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мамлекеттик (муниципалдык) кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратылса;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен жакын туугандыгы (ата-энеси, жубайы, балдары, асырап алган ата-энеси, асырап алынган балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери) болсо, эгерде анын алдыдагы кызматы биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же болбосо контролдонуусу менен байланыштуу болсо (талапкер анкетада ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен туугандыгынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт);
3) бош кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;
4) зарыл документтерди бербесе;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу болсо.
19. Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда Конкурстук комиссиянын мүчөсү жыйналыш өткөрүлүүчү датага чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен Конкурстук комиссиянын төрагасына добуш берүүнү өкүлдөө укуксуз Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин себебин негиздөө менен жазуу жүзүндө кайрылат.
Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин негиздүү себептерине төмөнкүлөр кирет:
1) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн өргүүсү;
2) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн иш сапары;
3) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы;
4) Конкурстук комиссиянын төрагасы тарабынан Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуусуна тоскоолдук кылган жагдай катары таанылган башка жагдайлар.
20. Конкурстук комиссиянын жыйналышы бардык курамдын 5тен кем эмес мүчөсү катышканда укуктуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссиянын курамын өзгөртүү ички квалификациялык тандоонун натыйжаларын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
Конкурстук комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу органдын ЕАЭБ маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
21. Ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) талапкердин толук фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) камтыган, расмий тилде түзүлгөн, талапкер талаптанып жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүү менен жеке арызды;
2) 2 фотографияны тиркөө менен анкетаны, анын форматы жана талаптары ЕЭКтин расмий сайтында жарыялануучу анкетанын формасында камтылат. Анкетада талапкер аны ЕЭКке жумушка кабыл алууга тоскоол болгон маалыматтардын жана фактылардын бар же жок экендиги жөнүндө, ал берген документтер жана маалыматтар анык экендиги, документтерде анык маалыматтар камтылгандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү паспорттун же башка документтин көчүрмөсүн (тиешелүү документтин түп нускасын ички квалификациялык тандоого келгенде жеке өзү көрсөтөт);
4) тиешелүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн (нотариалдык жактан же персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн);
5) акыркы иштеген жеринен сунуштама катты;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бардык документтер расмий тилде берилет.
Мамлекеттик тилде берилген документтер милдеттүү түрдө расмий тилге которулууга жана нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат жана ички квалификациялык тандоого катышууга жол берилбейт.
22. Конкурстук комиссия тарабынан документтер документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат.
23. Берилген документтерди изилдөөнүн негизинде Конкурстук комиссия алардын ЕЭКтин кызмат адамынын тиешелүү бош кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө жана ички квалификациялык тандоонун кийинки этабына киргизүү же болбосо анын ылайык келбөөсү жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү
24. ЕЭК департаменттеринде кызматкердин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ушул Жобонун 23 жана 30-пункттарында каралган ички квалификациялык тандоодон эки этапта өтөт.
25. ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ушул Жобонун 3 жана 4-главаларында каралган ички квалификациялык тандоодон төрт этапта өтөт.
26. Компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
27. Эссенин форматы жана темалары Конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.
28. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү компьютердик тестирлөөнү, берилген темалар боюнча жазуу иштерин (эссе) жана оозеки аңгемелешүүнү камтыйт.
29. Билиминин жалпы деңгээлин текшерүү негизги тесттер боюнча тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт. Талапкерлердин кесиптик билимин жана жөндөмдөрүн текшерүү предметтик тесттер боюнча бааланат.
Негизги ж:ана предметтик тесттер расмий тилде түзүлөт.
30. Компьютердик тестирлөө ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасын билүүсүн аныктоого багытталган жана эки этаптан турат, алар 60 суроону камтыйт (30 негизги жана 30 предметтик).
1) негизги суроолор боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө ар бир туура жооп 0,5 балл менен бааланат. Компьютердик тестирлөөдөн 10 баллдан кем эмес алган катышуучулар предметтик суроолор боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу болот;
2) предметтик маселелер боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө ар бир туура жооп 1 балл менен бааланат.
31. Жалпы жана кесиптик суроолорду билүүгө компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы санынан 30 баллдан кем эмес балл алган ЕЭКтин департаменттеринде кызматкерлердин кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ички квалификациялык тандоо протоколу Конкурстук комиссия менен макулдашылгандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген сунуштамасын алат.
Ыйгарым укуктуу органдын сунуштамалары ал ыйгарым укуктуу органдын электрондук маалымат базасында укуктуу орган тарабынан катталган күндөн тартып 1 (бир) жылдын ичинде жарактуу болот.
32. Жалпы жана кесиптик суроолорду билүүгө компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы санынан 30 (отуз) баллдан кем эмес балл алган ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер берилген темаларга жазуу ишинин (эссе) этабына жиберилет.
33. Берилген темаларга жазуу иштерин (эсселерди) баалоо теманы билүүсү, аны ачып берүүсү жана темада көрсөтүлгөн проблематика боюнча жаңы чечимдерди сунуштоосу боюнча жүргүзүлөт, ал 3 баллдык шкала боюнча бааланат.
34. Катышуучулардын жазуу иштерин (эсселерин) баалоонун жыйынтыктары боюнча Конкурстук комиссия аларды ички квалификациялык тандоонун кийинки этабына- оозеки аңгемелешүүгө жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Катышуучулар менен аңгемелешүү
35. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча суроолор берилет жана төмөнкүлөр аныкталат:
1) бош кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык иштин багыты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
2) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун, башка эл аралык келишимдерди жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимдерин, Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин регламентин билүүсү;
3) Бирлигинин укугун түзүүчү иштин багыты боюнча актыларды билүүсү;
4) тиешелүү багыт боюнча практикалык көндүмдөрү;
5) катышуучулардын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттары.
36. Аңгемелешүүнү өткөрүүдө Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
37. Ички квалификациялык тандоонун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ага 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ал катышкан аңгемелешүүнүн ага тиешелүү бөлүгүндөгү видео же аудиожазуунун көчүрмөсү берилет, же болбосо аңгемелешүүнүн толук видео же аудио жазуусу көрсөтүлөт.
Аңгемелешүүлөрдүн видео жана аудио жазуусу ыйгарым укуктуу органда 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
38. Аңгемелешүү этабында Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү катышуучуларды 2 баллдык шкала боюнча баалайт.
5. Конкурстук комиссиянын катышуучуну же катышуучуларды ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алуусу
39. Конкурстук комиссия ички квалификациялык тандоонун бардык этаптарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 (эки) катышуучуну ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын кызмат ордуна дайындоо үчүн ЕЭКке сунуштоо үчүн ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Ички квалификациялык тандоонун бардык этаптарынын жыйынтыгы боюнча үч же андан көп катышуучунун натыйжалары бирдей болгон учурда компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган биринчи эки катышуучуга артыкчылык берилет.
40. Катышуучуларды кароонун жүрүшүндө алардын натыйжалары бирдей болуп калган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмүнүн ЕАЭБ менен кызматташуу үчүн жооптуу же болбосо ЕАЭБ багыттары боюнча иш стажы бар учурдагы кызматкер болуп саналган катышуучуга артыкчылык берилет.
41. Эгерде ички квалификациялык тандоону жүргүзүүнүн жыйынтыгында катышуучулардын бири дагы зарыл болгон босоголук босого маанилерди албаса же андан ары катышуудан баш тартса, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Конкурстук комиссиянын төрагасы) кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
42. Ички квалификациялык тандоонун натыйжалары боюнча Конкурстук комиссиянын чечими катышуучусуз кабыл алынат, натыйжалар түздөн-түз ал аяктагандан кийин катышуучуга жарыяланат.
43. Ички квалификациялык тандоонун натыйжалары 3 (үч) жумуш күндүн ичинде протокол менен таризделет, ага Конкурстук комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт.
44. ЕЭК тарабынан өткөрүлгөн конкурска катышууга байланышкан чыгымдарды (конкурс өткөрүлүүчү жерге баруу жана кайтуу, турак жайды ижаралоо, жашоо, байланыш каражаттарынын кызматтарын пайдалануу) ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө катышуучулар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 "Евразия экономикалык комиссиясында кызмат орундарын ээлөө маселелери" чечимине ылайык өз каражаттарынын эсебинен жүргүзөт.
45. Конкурсту видео-конференц-байланыш аркылуу өткөрүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 "Евразия экономикалык комиссиясында кызмат орундарын ээлөө маселелери" чечими менен аныкталган.
6. Корутунду жоболор
46. Ички квалификациялык тандоонун бардык материалдары Кыргыз Республикасынын ЕЭК менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сакталат.
|
| Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын
департаменттеринде кызматкерлердин бош кызмат ордуна конкурска катышуу үчүн
_______________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________________
(туулган датасы, паспорттук маалыматтары)
сунуштайт.
Бул сунуштама берилген күндөн тартып 1 (бир) жыл ичинде жарактуу болот.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри |
| __________________________________________ |
| (Аты-жөнү, колу, датасы) |
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 414 токтому менен бекитилди) |
Евразия экономикалык комиссиясынын
департаменттеринде кызмат адамынын
жана кызматкерлердин бош кызмат
ордун ээлөөгө конкурска катышуу
үчүн Кыргыз Республикасынан
талапкерлерди ички квалификациялык
тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жана шарттары
3. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү
4. Катышуучулар менен аңгемелешүү
5. Конкурстук комиссиянын катышуучуну же катышуучуларды ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алуусу
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ички квалификациялык тандоо - Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан потенциалдуу талапкерлерди баалоо жана тандоо жол-жобосу;
2) кызмат адамдары - ЕЭК департаменттеринин директорлорунун жана ЕЭК департаменттеринин директорлорунун орун басарларынын кызмат орундарына дайындалган, Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ, Бирлик) мүчө мамлекеттердин жарандары;
3) кызматкерлер - ЕЭКтин департаменттеринде алар менен түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде иштеген жана кызмат адамдары болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) ички квалификациялык тандоонун катышуучусу (мындан ары - катышуучу) - ички квалификациялык тандоого катышууга арыз берген жана уруксат берилген адам.
3. Квалификациялык тандоону жүргүзүүнүн максаты болуп ЕЭКте Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациялуу адистер менен өкүлчүлүгүн камсыз кылуу саналат.
4. Ички квалификациялык тандоого катышууга төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар;
2) тиешелүү жана/же чектеш багыттардагы жогорку билими бар; ЕЭКтин кызмат адамдарынын кызмат орундарын ээлөөгө профили же чектеш багыттар боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана ЕЭК кызматкерлеринин кызмат орундарын ээлөөгө тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш стажы бар; ошондой эле ЕЭК Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 чечими менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар.
2. Ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жана
шарттары
5. Ички квалификациялык тандоону уюштурууну жана өткөрүүнү ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
Эң жогорку баллды (ЕЭК кызмат адамдары үчүн) жана белгиленген босоголук баллды (ЕЭК кызматкерлери үчүн) алган катышуучулар ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө сунушталгандар болуу укугуна ээ болот.
6. Кызмат адамдарынын кызмат орундарына кабыл алууга ички квалификациялык тандоо зарылчылыгына жараша мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. ЕЭК департаменттеринде кызматкерлердин кызмат ордуна кабыл алууга квалификациялык тандоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан зарылдыгына жараша жарыяланат жана жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
8. ЕЭК кызмат адамынын жана кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо үчүн ыйгарым укуктуу орган:
1) өзүнүн расмий сайтында ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялайт;
2) ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган учурдан тартып 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде документтерди кабыл алууну жүргүзөт;
3) документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 10 (он) жумуш күн өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ички квалификациялык тандоонун этаптарын өткөрүү графигин жайгаштырат;
4) Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгат жана даярдайт;
5) катышуучулардын тизмесин түзөт;
6) ички квалификациялык тандоо өткөрүлгөнгө чейин 5 (беш) жумуш күн мурда өзүнүн расмий сайтына кулактандыруу жарыялоо аркылуу ички квалификациялык тандоо өткөрүлүүчү жер, датасы жана убактысы жөнүндө талапкерлерге кабарлайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ЕЭК кызмат адамынын жана кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) бош кызмат ордунун аталышы;
2) бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) бош кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;
4) ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
5) документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.
10. Талапкерлерди ички квалификациялык тандоо талапкерлерди ички квалификациялык тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
11. Конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен бекитилет.
12. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин жана ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмүнүн, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирден өкүлү кирет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Иштин адистештирилген түрлөрүндө атайын кесиптик билимдерди текшерүүнү жүргүзүү үчүн Конкурстук комиссия тиешелүү тармактык мамлекеттик органдардын эксперттерин, адистерин тартууга укуктуу. Эксперттердин, адистердин тыянактары Конкурстук комиссия тарабынан талапкерлерди тандоодо эске алынышы мүмкүн.
14. Конкурстук комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдан жетекчи жана ЕАЭБ маселелерин тейлеген жетекчинин орун басары кирет.
15. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналат.
16. Ички квалификациялык тандоо төрт этапта жүргүзүлөт:
1) документтерди кабыл алуу жана кароо;
2) компьютердик тестирлөө (жалпы жана кесиптик билимдерди текшерүү);
3) берилген темаларга жазуу иши (эссе);
4) аңгемелешүү.
17. Ички квалификациялык тандоону жүргүзүүдө Конкурстук комиссия:
1) талапкерлер тарабынан берилген документтерди карайт жана аларды тандоого киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
2) берилген темаларга жазуу иштерин (эссе) баалайт;
3) катышуучулар менен аңгемелешүү жүргүзөт;
4) тандалып алынган катышуучуну (талапкерди) ЕЭКтин кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына - ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
18. Жаранга ички квалификациялык тандоого катышууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен белгилүү бир мөөнөт ичинде мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мамлекеттик (муниципалдык) кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратылса;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен жакын туугандыгы (ата-энеси, жубайы, балдары, асырап алган ата-энеси, асырап алынган балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери) болсо, эгерде анын алдыдагы кызматы биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же болбосо контролдонуусу менен байланыштуу болсо (талапкер анкетада ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү менен туугандыгынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт);
3) бош кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;
4) зарыл документтерди бербесе;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу болсо.
181. Бир эле адам Евразия экономикалык комиссиясынын департаментинин директорунун же болбосо директорунун орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө ички квалификациялык тандоого катары менен эки жолудан ашык катышууга укуксуз.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда Конкурстук комиссиянын мүчөсү жыйналыш өткөрүлүүчү датага чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен добуш берүүнү өкүлдөө укугусуз Конкурстук комиссиянын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин себебин негиздөө менен Конкурстук комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө кайрылат.
Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуунун мүмкүн эместигинин негиздүү себептерине төмөнкүлөр кирет:
1) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн өргүүсү;
2) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн иш сапары;
3) Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы;
4) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоого Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн жеке катышуусу;
5) Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоого Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн жакын туугандарынын катышуусу;
6) Конкурстук комиссиянын төрагасы тарабынан Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн анын жыйналышына катышуусуна тоскоолдук кылуучу жагдайлар катары таанылган башка жагдайлар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Конкурстук комиссиянын жыйналышы бардык курамдын 5тен кем эмес мүчөсү катышканда укуктуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссиянын курамын өзгөртүү ички квалификациялык тандоонун натыйжаларын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
Конкурстук комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу органдын ЕАЭБ маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин (Конкурстук комиссиянын төрагасынын) чечими боюнча Конкурстук комиссиянын жыйналыштары жана конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү өткөрүү видеоконференцбайланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ички квалификациялык тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) талапкердин толук фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) камтыган, расмий тилде түзүлгөн, талапкер талаптанып жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүү менен жеке арызды;
2) 2 фотографияны тиркөө менен анкетаны, анын форматы жана талаптары ЕЭКтин расмий сайтында жарыялануучу анкетанын формасында камтылат. Анкетада талапкер аны ЕЭКке жумушка кабыл алууга тоскоол болгон маалыматтардын жана фактылардын бар же жок экендиги жөнүндө, ал берген документтер жана маалыматтар анык экендиги, документтерде анык маалыматтар камтылгандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү паспорттун же башка документтин көчүрмөсүн (тиешелүү документтин түп нускасын ички квалификациялык тандоого келгенде жеке өзү көрсөтөт);
4) тиешелүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн (нотариалдык жактан же персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн);
5) акыркы иштеген жеринен сунуштама катты;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бардык документтер расмий тилде берилет.
Мамлекеттик тилде берилген документтер милдеттүү түрдө расмий тилге которулууга жана нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат жана ички квалификациялык тандоого катышууга жол берилбейт.
22. Конкурстук комиссия тарабынан документтер документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат.
23. Берилген документтерди изилдөөнүн негизинде Конкурстук комиссия Конкурстук комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен алардын ЕЭКтин кызмат адамынын тиешелүү бош кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү жана ички квалификациялык тандоонун кийинки этабына уруксат берүү же болбосо анын ылайык келбестиги жөнүндө чечим кабыл алат.
Добуштар тең болуп калган учурда Конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин,
жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү
24. ЕЭК департаменттеринде кызматкердин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ушул Жобонун 23 жана 30-пункттарында каралган ички квалификациялык тандоодон эки этапта өтөт.
25. ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ушул Жобонун 3 жана 4-главаларында каралган ички квалификациялык тандоодон төрт этапта өтөт.
26. Компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Эссенин форматы жана темалары Конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.
28. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү компьютердик тестирлөөнү, берилген темалар боюнча жазуу иштерин (эссе) жана оозеки аңгемелешүүнү камтыйт.
29. Билиминин жалпы деңгээлин текшерүү негизги тесттер боюнча тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт. Талапкерлердин кесиптик билимин жана жөндөмдөрүн текшерүү предметтик тесттер боюнча бааланат.
Негизги ж:ана предметтик тесттер расмий тилде түзүлөт.
30. Компьютердик тестирлөө ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасын билүүсүн аныктоого багытталган жана эки этаптан турат, алар 60 суроону камтыйт (30 негизги жана 30 предметтик).
1) негизги суроолор боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө ар бир туура жооп 0,5 балл менен бааланат. Компьютердик тестирлөөдөн 10 баллдан кем эмес алган катышуучулар предметтик суроолор боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу болот;
2) предметтик маселелер боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө ар бир туура жооп 1 балл менен бааланат.
31. Жалпы жана кесиптик суроолорду билүүгө компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы санынан 30 баллдан кем эмес балл алган ЕЭКтин департаменттеринде кызматкерлердин кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер ички квалификациялык тандоо протоколу Конкурстук комиссия менен макулдашылгандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген сунуштамасын алат.
Ыйгарым укуктуу органдын сунуштамалары ал ыйгарым укуктуу органдын электрондук маалымат базасында укуктуу орган тарабынан катталган күндөн тартып 1 (бир) жылдын ичинде жарактуу болот.
32. Жалпы жана кесиптик суроолорду билүүгө компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы санынан 30 (отуз) баллдан кем эмес балл алган ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер берилген темаларга жазуу ишинин (эссе) этабына жиберилет.
33. Берилген темаларга жазуу иштерин (эсселерди) баалоо теманы билүүсү, аны ачып берүүсү жана темада көрсөтүлгөн проблематика боюнча жаңы чечимдерди сунуштоосу боюнча жүргүзүлөт, ал 3 баллдык шкала боюнча бааланат.
34. Катышуучулардын жазуу иштерин (эсселерин) баалоонун жыйынтыктары боюнча Конкурстук комиссия аларды ички квалификациялык тандоонун кийинки этабына- оозеки аңгемелешүүгө жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Катышуучулар менен аңгемелешүү
35. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча суроолор берилет жана төмөнкүлөр аныкталат:
1) бош кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык иштин багыты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
2) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун, башка эл аралык келишимдерди жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимдерин, Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин регламентин билүүсү;
3) Бирлигинин укугун түзүүчү иштин багыты боюнча актыларды билүүсү;
4) тиешелүү багыт боюнча практикалык көндүмдөрү;
5) катышуучулардын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттары.
36. Аңгемелешүүнү өткөрүүдө Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
37. Ички квалификациялык тандоонун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ага 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ал катышкан аңгемелешүүнүн ага тиешелүү бөлүгүндөгү видео же аудиожазуунун көчүрмөсү берилет, же болбосо аңгемелешүүнүн толук видео же аудио жазуусу көрсөтүлөт.
Аңгемелешүүлөрдүн видео жана аудио жазуусу ыйгарым укуктуу органда 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
38. Аңгемелешүү этабында Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү катышуучуларды 2 баллдык шкала боюнча баалайт.
5. Конкурстук комиссиянын катышуучуну же
катышуучуларды ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо
жөнүндө чечимди кабыл алуусу
39. Конкурстук комиссия ички квалификациялык тандоонун бардык этаптарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 (эки) катышуучуну ЕЭКтин департаменттеринде кызмат адамынын кызмат ордуна дайындоо үчүн ЕЭКке сунуштоо үчүн ЕЭК Кеңешинин мүчөсүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Ички квалификациялык тандоонун бардык этаптарынын жыйынтыгы боюнча үч же андан көп катышуучунун натыйжалары бирдей болгон учурда компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган биринчи эки катышуучуга артыкчылык берилет.
40. Катышуучуларды кароонун жүрүшүндө алардын натыйжалары бирдей болуп калган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмүнүн ЕАЭБ менен кызматташуу үчүн жооптуу же болбосо ЕАЭБ багыттары боюнча иш стажы бар учурдагы кызматкер болуп саналган катышуучуга артыкчылык берилет.
41. Эгерде ички квалификациялык тандоону өткөрүүнүн жыйынтыгында катышуучулардын бири дагы зарыл болгон босоголук маанилерди албаса же катышуучулар андан ары катышуудан баш тартса, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөсү ички квалификациялык тандоонун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Конкурстук комиссиянын төрагасы) кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Мында ЕЭК Кеңешинин мүчөсү өзүнүн макул эместигинин себептерин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Ички квалификациялык тандоонун натыйжалары боюнча Конкурстук комиссиянын чечими катышуучусуз кабыл алынат, натыйжалар түздөн-түз ал аяктагандан кийин катышуучуга жарыяланат.
43. Ички квалификациялык тандоонун натыйжалары 3 (үч) жумуш күндүн ичинде протокол менен таризделет, ага Конкурстук комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт.
44. ЕЭК тарабынан өткөрүлгөн конкурска катышууга байланышкан чыгымдарды (конкурс өткөрүлүүчү жерге баруу жана кайтуу, турак жайды ижаралоо, жашоо, байланыш каражаттарынын кызматтарын пайдалануу) ЕЭК департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө катышуучулар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 "Евразия экономикалык комиссиясында кызмат орундарын ээлөө маселелери" чечимине ылайык өз каражаттарынын эсебинен жүргүзөт.
45. Конкурсту видео-конференц-байланыш аркылуу өткөрүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 99 "Евразия экономикалык комиссиясында кызмат орундарын ээлөө маселелери" чечими менен аныкталган.
6. Корутунду жоболор
46. Ички квалификациялык тандоонун бардык материалдары Кыргыз Республикасынын ЕЭК менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сакталат.
47. Конкурстук комиссия өзүнүн дарегине келип түшкөн маселелерди өткөрүлгөн жыйналыштардын алкагында карайт жана алар боюнча добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
| Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызматкерлердин бош кызмат ордуна конкурска катышуу үчүн _____________________________________________________________ (Аты-жөнү) _____________________________________________________________ (туулган датасы, паспорттук маалыматтары)
сунуштайт.
Бул сунуштама берилген күндөн тартып 1 (бир) жыл ичинде жарактуу болот.
| |
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри
|
__________________ (Аты-жөнү, колу, датасы) |