Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 10-июну №7/1
Нариман айыл аймагында “үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө
Нариман айыл аймагында “үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык , Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 22.03.2022-жылдагы № 01-52/33 буйругун № -тиркемесиндеги типтүү Жобонун негизинде, Нариман айылдык кеңешинин VII кезексиз сессиясында карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нариман айыл аймагында “үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобо бекитилсин.
2.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |
тиркеме
ЖОБО
Нариман айыл өкмөтү боюнча үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын ырым жырымдарын өткрүүнүн тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгууну жана күчнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй- бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүүнүн ырым жырымдарын өткөрүү тартиби
5. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчун жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо “КРсында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” КРнын Президентинин 2022-жылдын 24 –феврвлындагы ПЖ№54 Жарлыгына ылайык жергиликтү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйит.
1.2 Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды , үй-бүлөөлүк урп адаттарды, этностук ырым жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого , өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт санаасын үрп адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына терс жөрөлгөлөрдү күндөлүк турмушта жайылышына бөгөткоюу, элибиздин нукура салт санаасын жана ырым жырымдарын кеңири пропогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгууну , кабыл алууну (бекитүүнүн) жана күчунө киргизүүнүн тартиби
Айыл аймагындагы үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын , ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кендагы үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын , ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеешинин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынан, ак сакалдар сотунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору, айылдык жыйындарда талкууланып, келип түшкөң сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомум белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайтына жарыяланат.
Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү ке неш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүү тартиби.
Үй- бүлөөлүк салтанаттарга бешик той , тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, кудаа тосуу, маареке салтанаттары жана башкалар кирет.
Үй –бүлөөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
Үйлөнүүгө той ыктыярлары менен эки тараптын (кудалардын) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат.Мыйзам чегинде административдик жоопко тартылат.
Кудалашуудан баштап үйлөнү тойго байланышкан бардык иш чараларда (каада салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен ебелгиленип өткөрүлүп ,эки тараптын туугандарына, конокторуна сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет. мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Тойдон кийин салттык отко кирүү, кыз көрдү төрколөтүү ж.б.у.с кечелер өткөрүлөт. 1 кой союлат.
Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын кырк күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
Кыз тараптан той алып барганда адам, күйөө жолдоштору тен ашпоосу керек.
Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодо өткөрүү салтанатында 3төн ашуун транспорттук колдонууга тыюу салынат. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюууга тыюу салынат. Нике кыюуу кыздын ата-энесинин үйүндө уюштурулсун.
Маркумдку эскерүү ырым жырымдарын өткөрүү тартиби
Маркумду эскерүү ырым жырымдары айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүүэрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
Маркум чыккан азалуу үйдө алгачкы 3 күн ичинде эч кандай жандык союлбай, келгендерге дасторкон жайылып, тамак аш берилбейт.
Сөөк коюу жана аза күтүү ырым жырымдарына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
Маркумга атап үчтүк, бейшембилик,кырктык,жылдык атайын белгилөөгө тыюу салынат. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Сөөк коюууда жана аза күтүүдөкийит кийгизүүдө( баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүктөргө айрып “жыртыш” таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак,дасторкон ,самын,чай ж.б.у.с) таратууга тыюу салынат.
Ошону менен бирге кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы комиссиянын макулдугу менен чечилет.
Кабырдын устүнө күмбөз жана башка нерселерди шариятта жок болгондуктан тыюу салынат.
Аза күндөр бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей, ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде Куран окутууга уруксат берилет.
Маркум менен бир айылда жашаган жакын туугандарына жана бала чакасына Куран окутууга тыюу салынат.
4. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүнү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдар.
Жобого ылайык үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарына жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет, комиссиялар өзүнүн ишин документтештирет.
5. Жергиликтүү комиссия
Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, айылдарда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөт башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, ички иштер бөлүмунүн ардагерлери, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөттун буйругу менен бекитилет.
Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Өлүк ээси жобонун талаптары менен таанышып ал тууралуу журналга кол койот. Жобонун талаптарынын аткарылышына маниторинг жана көзөөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жургүзөт жана ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга тийиштүү чаралар көрүлөт.
6.Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинде жергиликтүү жамааттын уставында жана ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындан, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.