Загрузка документа…
КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кегети айылдык кенештин XXVII-чакырылган кезексиз XII-отурумунун
2021-жылдын 11-январындагы № 16
Советское айылынын тургуну Г.К.Абдыгулованын арызы жөнүндө
Кегети айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Советское айылынын тургуну Абдыгулова Гүлбар Капаловнадан түшкөн арыз менен тааныштырды. Ал арызда Советское айылында көп жылдан бери жашап, Чүй райондук электр тармагында үзүрлүү эмгектенген Мыйтанов Борончу Абдылдаевичтин ысымын Школьная көчөсүнө берүүнү суранган. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 7-бе-ренесине ылайык депутаттар угуп, талкуулап
Кегети айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советское айылындагы Школьная көчөсүнө “Мыйтанов Борончу” атанын ысымы ыйгарылсын.
2. Советское айылындагы Школьная көчөсү “Мыйтанов Борончу” көчөсү болуп аталгандыгына байланыштуу КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан, Чүй РЭСинен тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү, турак жайларды каттоо убагында үйдүн катар номерлери өзгөргөн учурда такталарды жаӊыртып алмаштыруу, көчөнүн тазалыгын, жарыктарын жана таш төгүп иретке келтирүү жагы балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кегети айылдык Кенешинин төрагасы |
| А.Абдрахманов |