Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы  № 10/1

Семиз-Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтын Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын балансасындагы жер аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын асфальт завод участкасындагы муниципалдык менчиктеги жалпы 4,0 га жер аянтын Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын балансасындагы 2,0 га жер аянтына алмаштырууга макулдук берүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.              Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын асфальт завод участкасындагы муниципалдык менчиктеги жалпы 4,0 га жер аянтын Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын балансасындагы 2,0 га жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.

2.              Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу