Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 10-июну №7/2
Нариман айыл аймагындагы ФАПтарды Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна өткөрүп берүү жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковдун Нариман айыл аймагындагы ФАПтарды Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап, кенири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылындагы ФАП, ВЛКСМ айылындагы ФАП, Жаңы Маала айылындагы ФАП, Жийделик айылындагы ФАП, Беш-Мойнок айылындагы ФАП, Осмон айылындагы ФАП, Каратай айылындагы ФАП, Лангар айылындагы ФАП, Күрөн-Кол айылындагы ФАП Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна өткөрүлүп берилсин.
2.Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |