Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 10-июну №7/3
Нариман айыл аймагындагы бала бакчаларынын балдарынын ата-энелеринен топтолуучу мүчөлүк төлөмүн 750 (жети жүз элүү) сомдон 1000 (миң) сомго көтөрүү жөнүндө
Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардын башчыларынан жана бала бакчалардын балдарынын ата-энелеринен келген чогулушунун протоколунун негизинде бала- бакчалардын башчылырын, балдардын тамак аш калькуляциясы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагындагы бардык бала бакчалардын балдарынын ата-энелеринен топтолуучу мүчөлүк төлөмдөрү 750 (жети жүз элүү) сомдон 1000 (миң) сомго көтөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча айыл өкмөттүн орун басары Т.Токтосуновго жана ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |