Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 15-июлу №8/1
Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылында жайгашкан муницпалдык жерде турган жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-маала айылында жайгашкан муниципалдык менчигинде турган идент. Коду : 5-04-11-1005-0550 болгон 2000,0 чарчы метр,идент коду: 5-04-11-1005-0673 болгон 216,0 чарчы метр болгон жалпы аянты 2216,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан айыл чарбасына жараксыз багытта мамлекеттик актысы берилген. Нариман айыл аймагында социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2216,0 чарчы метр болгон жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жараксыз” жерлер категориясында болгон муниципалдык менчиктеги жер аянтын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн региондорду өңүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ш.А.Базарбаевтин берген маалыматы боюнча К.Рнын жер мыйзамдары 71-13-571 статьяларына ылайык конкурс же ачык тоорук аркылуу көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү боюнча Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-маала айылында жайгашкан муниципалдык менчигинде турган идент. Коду : 5-04-11-1005-0550 болгон 2000,0 чарчы метр, идент коду : 5-04-11-1005-0673 болгон 216,0 чарчы метр болгон жалпы аянты 2216,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан айыл чарбасына жараксыз багытта мамлекеттик актысы берилген. Нариман айыл аймагында социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2216,0 чарчы метр болгон жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жараксыз” жерлер категориясында болгон муниципалдык менчиктеги жер аянтын жашылдандыруу үчүн ижарага берилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |