Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы  № 10/3

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым

укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

            Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды                       

Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пункутунда көрсөтүлгөн талаптар боюнча маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

    

           1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча укуктук мамилелердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

 

           2. Ормон-Хан айыл аймагында статикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштурууну жана көзөмөлдөөнү Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу