Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 405
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карыздардын жана гранттардын эсебинен толук же жарым-жартылай ишке ашырылуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аныктоонун, тандоонун, ишке ашыруунун, контролдоонун жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 30, 35, 62 жана 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"23-1. Долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыктары боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оң корутунду чыгарган учурда аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу долбоорду каржылоо үчүн кызматташууга кызыкдарлыгын билдирүү менен донорлорго кайрылууга укуктуу.";
- 25-пункт "техникалык-экономикалык негиздемени" деген сөздөрдөн кийин ", Кеңеш менен макулдашуу боюнча өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын чөйрөсүнө кирген стратегиялык маанилүү долбоорлордон тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пункттагы "гранттык техникалык жардам" деген сөздөр "тиешелүү каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункттагы "гранттык техникалык жардам" деген сөздөр "тиешелүү каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |