ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 18-январы № 10/4
Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү иш планына толуктоо киргизүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын өнүктүрүү иш планын “Тендик айылынын аймагына Кара-Кужур дарыясынын ылайыктуу жерине БДР куруу” долбоору менен толуктоо киргизүү туралуу Кенешти депутаттарынын сунушун жана маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын өнүктүрүү иш планына “Тендик айылынын аймагындагы Кара-Кужур дарыясынын ынгайлуу жерине БДР куруу” долбоору киргизилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |