Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жыл 1-февралы  №5

 

“Каргалык айыл өкмөтүнүн 01.01.2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган 35854,9 миң сом калдыгын жана атайын каражаттан калган 1022,1 миң сом калдыгын 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө карап жана бекитип берүү жөнүндө”

          «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,              

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. 01.01.2024-жылга карата Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин калдыгы жалпы - 36877,0 миң сом, анын иштетилбей же бүткөрүлбөй калган курулуштардын эсебинен жана башка чыгымдардан - 23181,3 миң сом, атайын каражаттан - 1022,1 миң сом, ашыкча түшкөн акча каражат - 12673,6 миң сом болгондугу белгиленсин.

2. Башкаруу тармагынан 2111 эмгек акы беренесине - 19,9 миң сом, 2121 социалдык төлөмдөргө - 3,4 миң сом, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине -749,5 миң сом, 2222 чарбалык максаттагы чыгым беренесине - 158,7 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине - 92,4 миң сом, 2721 социалдык тармагы боюнча - 50,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине - 32796,5 миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине - 550,0 миң сом, жалпы - 34420,4 миң сом.

3. Мектептер тармагынан 2215 ар кандай чыгымдар беренесине - 39,0 миң сом, 2222 чарбалык максаттагы чыгым беренесине - 4,5 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине - 39,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине - 75,0 миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине - 156,0 миң сом, жалпы - 313,5 миң сом.

4. Бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине - 10,3 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине - 9,5 миң сом, 2222 чарбалык максаттагы чыгым беренесине - 64,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине - 1037,2 миң сом, жалпы - 1121,0 миң сом.

5. 01.01.2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган калдык, жалпы - 35854,9 миң сом акча каражаты бекитилсин.

6. Атайын каражаттын бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине - 1022,1 миң сом, жалпы атайын каражаттан - 1022,1 миң сом акча каражаты бекитилсин.

7. 2024-жылга кабыл алууда көрсөтүлгөн курулуш иштерине тиешелүү сунуштардын (көрсөтүлгөн көчөлөргө муздак асфальт төшөө, ички ирригация, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана башка) долбоорлору биринчи кварталда даярдалып бүткөрүлүп, жыл ичинде ишке берилсин.

8. Областтык, райондук фонддор жана башка сырттан келген инвестициялар аркылуу ар кандай долбоорлорду өткөрүүгө керектелүүчү өздүк салымдар өз убагында каржыланып туруусу, ошондой эле башка багыттарга каржыланбоосу айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.

9. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.

10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

11. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго милдеттендирилсин.

12. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов