Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги X сессиясынын отуруму
2022-жылдын 30-августу №10/1
Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылынын тургуну Самиева Умиданын Зарбдар айылында муниципалдык балдар акчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын негизинде балдар бакчасын ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандык кодексине туура келсе Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында Маманазаров Шухратбектин үйүндө үй шартындагы муниципалдык “Найс бэби” бала бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылында ачыла турган муниципалдык “Найс бэби” бала бакчасына штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер , жаштардын иштери спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Нуманов |