Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы  № 10/5

Эски көрүстөн

 жөнүндө

                    

Кочкор айылынын И.Өмүров жана Ү.Бейшеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,60 га жер аянтында жайгашкан эски көрүстөндүн ордуна мечит салууга жер аянтынын багытын өзгөртүү туралуу Кочкор райондук хатибиятынын сунушун жана кеңештин депутаттарынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

    

1. Кочкор айылынын И.Өмүров жана Ү.Бейшеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык менчиктеги 0,60 га жер аянтында жайгашкан эски көрүстөндүн ордуна мечит салууга жер аянтынын багытын өзгөртүүгө мыйзам жол берерин аныктоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2. Айыл өкмөтү аткарылган иштер туралуу айылдык кенешине маалымат берип, зарыл болсо сессиясына сунуш киргизсин.    

 

3. Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу