Загрузка документа…
КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги XI отуруму
2022-жылдын 26-декабрындагы №69
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурун ээлеп алган жерлердин жана трансформацияга(которууга) кеткен жерлерди тургундарга
берүүдө жердин аянтын чектөө жөнүндө
Кегети айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Б.Н.Садырбеков Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомунун негизинде “Жер мунапысына” ылайык мурун ээлеп алып үй салган жарандарга мурунку жылдары токтом чыгып калган. Былтыр которууга (трансформацияга) кеткен жерлерге токтом чыгып келсе арыз менен кезекке турган жарандарга бөлүү керек. Менчик үй салууга жерлердин аянтын чектеп берсениздер деп айтып өттү. Депутаттар угуп, талкуулап
Кегети айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ээлеп алып үй салган жарандарга мурун 0,15 га чыккан токтомдор күчүндө калтырылсын.
2. Которууга(трансформацияга) кеткен жерлерге уруксаат берилсе ар бир айылда түзүлгөн комиссиянын чечими менен ар бир жаранга үй салууга жер тилкеси 0,08 га бөлүнүүсү каралсын.
3. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Б.Н.Садырбеков, ар бир айылдын айыл башчылары жооптуу болуп милдеттендирилишсин.
4. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.С.Качиев |