Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги XII отуруму

 

 

 

2023-жылдын 11-мартындагыы №6

 

Кегети айылына курула турган унаа жуугуч жана желимдөө пунктуна жана Чапаево айылына тараза орнотууга жер тилкесин бөлүү жөнүндө

 

Кегети  айылдык кеӊештин төрагасы  З.С.Качиев айыл өкмөтүнүн 2023-ж. карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы менен бекитилген Кегети айылына унаа жуугуч(автомойка) жана желимдөө(вулканизация) пунктуна  жана Чапаево айылына тараза орнотууга(автовес) жер тилкесин бөлүп берүүгө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Н.Садырбековдун жазган кайрылуусун тааныштырып өттү. Депутаттар угуп, талкуулап, Кегети  айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кегети айылына унаа жуугуч(автомойка) жана желимдөө (вулканизация) пунктуна  муниципалдык менчиктеги жерден  0,10 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Чапаево айылына тараза орнотууга(автовес)  муниципалдык менчик-теги жерден  0,10 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтү-нө сунушталсын.

3. Жер тилкесин ылайыгына жараша бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүнжерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Н.Садырбековго  тапшырылсын.

4. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

З.С.Качиев