Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги XIV отуруму

 

 

2023-жылдын 12-майындагы № 17

 

Кегети айылындагы жаӊы курулуп бүткөн

спорт ордосуна ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Кегети айылдык кеӊешинин төрагасы Б.Т.Исаев айыл тургундарынан түшкөн кайрылуу менен тааныштырып өттү. Ал кайрылууда Кегети айылын-дагы жаӊы курулуп бүткөн спорт ордосуна СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген машыктыруучусу, Чүй районунун ардактуу атуулу Кыдыралиев Асанкул Качкангуловичтин ысымын ыйгарууна суранышкан. Депутаттар угуп, талкуулап

Кегети айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кегети айылындагы жаӊы курулуп бүткөн спорт ордосуна СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген машыктыруу-чусу, Чүй районунун ардактуу атуулу Кегети айылынын тургуну Кыдыралиев Асанкул Качкангуловичтин  ысымы  ыйгарылсын.

2. Кыдыралиев Асанкул Качкангулович ысымы ыйгарылган спорт ордосун жашылдандырып, таза иреттүү, бүлүндүрбөй, алгачкы абалындай кармап туруусу милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Т.Исаев