Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кегети айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги XV отуруму

 

 

2023-жылдын 11-августундагы № 37

 

Жер мунапысы боюнча айылдардагы жерлерди мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ

 

Кегети айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Н.Садырбеков  Кыргыз Республикасынын  Министрлер  кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомунун негизинде Жер мунапысына туура келген жерлерди мыйзамдаштыруу керектигин айтып ѳттү. Депутаттар угуп, талкуулап  Кегети айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кегети айыл ѳкмѳтүнүн аймагында мурда  ээлеп үй салып алган тур-гундардын жерлери Кегети айылы боюнча 14,1 га, Советское айылы боюнча 10,0 га, Арпатектир айылы боюнча 3,20 га, Чапаево айылы боюнча 7,5 га Жер мунапысы  боюнча мыйзамдаштыруу жагы  каралсын.

2. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы  айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Н.Садырбековго тапшырылсын.

3. Кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Т.Исаев