Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

 

2024-жылдын 27-февралы  № 11/3

Тендик айылындагы мал базарды «Кочкор» муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүү жана мал базарда малдан алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Тендик айылындагы мал базарды «Кочкор» муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүү жана мал базарда малдан алынуучу тарифтерди бекитүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Тендик айылындагы мал базар «Кочкор» муниципалдык ишканага чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүлсүн.  

2. Тендик айылындагы мал базарда мал ээлеринен, соода кылгандардан, унааларда, ашканалардан алынып жаткан акча каражаттарынын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

Кой, эчки-10 сом бир башка

Торпок, уй, жылкы, тай-30 сом бир башка

Жүк ташуучу авто унаа-50 сом бир унаа

Женил авто унаа-20 сом бир унаа

Буюм саткандарга-100 сом бир орунга

Ашканаларга- 200 сом бир орунга

 

3. Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу