ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
2024-жылдын 27-февралы № 11/5
Г.Базаровдун ысымын ыйгаруу жана бюстун орнотуу жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгилүү режиссер Г.Базаровдун ысымын Чолпон кинотеатрына жана Кочкор айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу жана бюстун орнотууну сураган туугандарынын арызы туралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Генадий Базаровдун ысымын Кочкор айылында жайгашкан Чолпон кинотеатрына ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Генадий Базаровдун бюстун Кочкор айылында жайгашкан Чолпон кинотеатрына тиешелүү жер аянтына орнотууга макулдук берилсин.
3.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |