Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

 

2024-жылдын 27-февралы  № 11/7

Баки атындагы футбол аянтчасынын

ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө

 

Кочкор айылынын Сейил багындагы Баки атындагы футбол аянтчасынын ижара мөөнөтүн узартып берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Кочкор айылынын Сейил багындагы Баки атындагы футбол аянтчасынын ижарага алган  Кочкор айылынын тургуну М.Байсаков менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартууга макулдук берилсин.

2.Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Сагынбек уулу