АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2023-жылдын 16-декабры № 34
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Мизам уулу Бактиярдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы жана бирдиктүү салык Республикалык бюджетине түшкөндүгүнө байланыштуу жер салыгы үчүн 49900 сом жана бирдиктүү салык үчүн 251400сом акча каражаты Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке келип түшкөн. Жер салыгы үчүн түшкөн 49900 сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесине, бирдиктүү салык үчүн түшкөн 251400 сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине көбөйтүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| К.Халматов |