КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-марты № 99-т
Атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу, анын түзүмүн өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кароого киргизсин;
- 2024-2025-окуу жылынан баштап орто жалпы билим берүү системасына окутуунун он эки жылдык мөөнөтүн этап-этабы менен киргизүү боюнча ишти баштасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |