КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 111
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 301 "ТЭНГРИ Технолоджиз" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 301 "ТЭНГРИ Технолоджиз" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому чыгарылган күндөн тартып анын колдонулушу жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |