Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 15-марты № 98-т

 

Азербайжан Республикасындагы мектепти куруу маселелерин ыкчам чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы Азербайжан Республикасындагы мектепти куруу боюнча мамлекеттик заказчы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров