Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312, 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 559, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу мамлекеттик менчик укугу төмөнкүлөрдүн негизинде пайда болгон объекттерди ээликтен ажыратууга жайылтылат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айыпталуучу болуп саналган адам же болбосо сотко чейинки кылмыш-жаза өндүрүшүнүн стадиясында белгилүү бир тергөө органы тарабынан айыпталуучу менен аффилирленген жак менен түзүлгөн мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу түрдө акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуунун негизинде;
2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебине мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин, алдын ала келишимдин же башка макулдашуунун негизинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык соттун айыптоо өкүмү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин негизинде;
4) бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине өндүрүп алынган мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында;
5) мүлктү мамлекеттик менчикке ыктыярдуу акысыз өткөрүп берүү жөнүндө жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде.
6) төмөнкүдөй мүлккө карата:
– Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттин менчигине өткөн чарбалык коомдор тарабынан мамлекеттик менчикке өткөрүп берилген;
– укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишинин алкагында аныкталган, жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдор тарабынан алынган;
7) төмөнкүдөй жер тилкелерине карата:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде кабыл алынган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттик менчикке өткөн чарбалык коомдордун балансында турган кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312, 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 559, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул Тартипке ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш болгон объекттер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
4. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган объекттерди ээликтен ажыратуу маселелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынат.
5. Объекттерди ээликтен ажыратуу төмөнкүдөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:
1) электрондук соода аянтчасында сатуу;
2) түз сүйлөшүү жолу менен сатуу;
3) чарбалык коомдун уставдык капиталына салым катары киргизүү;
4) муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү.
6. Механизмдер жана жабдуу, эмерек жана кеңселик жабдуу, запастар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан соода ишинин субъекттерине андан ары комиссияга сатуу же жарандык жүгүртүүнүн жалпы эрежелери боюнча коммерциялык шарттарда сатуу үчүн адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкананын чарбалык карамагына өткөрүп берилет.
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин төмөнкү жактарга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди акы төлөнүүчү негизде түзүүгө укуктуу:
1) курулуш объектинин заказчысына (куруучуга), башкы подрядчыга же курулуш объектинин алдындагы жер участогунун менчик ээсине;
2) курулуш этабында заказчы (куруучу) менен алдын ала келишим түзгөн жакка;
3) уставдык капиталында акциялардын (катышуу үлүштөрүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго, акционердик жана чарбалык коомдор жөнүндө мыйзамдарга ылайык уставдык капиталды көбөйтүү эсебине.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик ишканаларга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Объекттерди сатып алуучулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар боло алышат.
9. Акы төлөп ээликтен ажыратуу максаты үчүн объекттердин рыноктук наркы көз карандысыз баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан аныкталат. Баалоо жүргүзүүнүн заказчылары болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы саналат.
Объекттин бааланган наркы боюнча талаш-тартыш жагдайлар келип чыккан учурда баалоонун ишенимдүүлүгү Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
Корутунду чыгаруу Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
101. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизделген сунушу боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүп берилген мүлктүн башка мүлк менен орду толтурулган учурда келишим, алдын ала келишим же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуу боюнча мүлктү мамлекеттин менчигине ыктыярдуу жана акысыз негизде өткөрүп берген жак мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте келишимди, алдын ала келишимди же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашууну бузуу жөнүндө макулдашууну түзө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Электрондук соода аянтчасында сатуу
11. Электрондук соода аянтчасына төмөнкүлөр коюлат:
1) чарбалык коомдордун уставдык капиталында акциялар, үлүштөр;
2) мүлктүк комплекстер;
3) кыймылсыз мүлктүн айрым объекттери, анын ичинде турак жайлар, жер участоктору;
4) курулушу бүтпөгөн кыймылсыз мүлк объекттери;
5) транспорт каражаттары жана башка объекттер.
12. Объекттерди сатуу auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында аукцион түрүндө жүргүзүлөт (мындан ары - Система).
13. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бөлүнүүчү объектти өзүнчө лоттор менен сатууга укуктуу.
14. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) аукционду өткөрүү датасын жана убактысын аныктайт;
3) аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган жана аяктаган датаны аныктайт;
4) кепилдик төгүмдүн өлчөмүн, аны төгүүнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн бекитет;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) аукционго катышууга уруксат берүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Объекттин (лоттун) баштапкы наркы объекттин (лоттун) рыноктук наркынын өлчөмүндө Система тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү объекттин (лоттун) баштапкы баасынын 10 пайызына чейин түзөт.
161. Аукциондун кадамы Системада бекитилген суммада белгиленет жана тоорук учурунда өзгөртүлбөйт. Аукциондун кадамы объекттин (лоттун) баштапкы баасынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллион сомго чейин - 1 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллиондон 100 миллион сомго чейин - 0,5 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 100 миллиондон 1 миллиард сомго чейин - 0,2 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 1 миллиард сомдон жогору болсо - 0,1 пайыз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтына жана Системага аны өткөрүү датасына чейин 10 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) объект (лот) жөнүндө жалпы маалыматы жана мүнөздөмөсүн;
2) объект (лот) жөнүндө маалымат менен таанышуунун тартибин;
3) аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган жана аяктаган күндү;
4) аукционду өткөрүү күнүн жана убактысын;
5) баштапкы баанын, кепилдик төгүмдүн жана аукциондун кадамынын өлчөмдөрүн;
6) аукционго катышууга уруксат алуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин.
19. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) аукционго катышууга бир да өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири да система тарабынан анын катышуучусу катары таанылбаса;
2) система тарабынан бир талапкер катышуучу катары таанылса;
3) аукциондун катышуучуларынын бири да объектти (лотту) сатып алуу боюнча сунуш киргизбесе.
20. Аукционду өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө системанын протоколу менен таризделет.
201. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электрондук соода аянтчасы аркылуу аукциондун катышуучуларын талаптагыдай кабарлоо менен аукциондон каалаган убакта баш тартууга укуктуу.
Аукциондон баш тарткан учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Системага бул жөнүндө кабарлоону жайгаштырат жана аукционго катышууга талапкерлерге алар төлөгөн кепилдик төгүмдөрдү кабарлоо жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кайтарып берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
202. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аукциондо жеңген жак өз ара макулдашуу боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу, ошол эле учурда төлөнгөн кепилдик төгүм тиешелүү арызды алган күндөн тартып ушул жакка 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ошол жакка кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда объект (лот) Система тарабынан кайрадан аукционго коюлат. Кайталанган аукцион алгачкы аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып бешинчи күнү өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кайталанган аукцион өткөн жок деп таанылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) өткөрүлбөгөн кайталанган аукциондун жалгыз катышуучусуна сатууга укуктуу.
Эгерде кайталанган аукционго катышууга бир дагы арыз берилбесе же объект (лот) жалгыз катышуучуга сатылбаса, анда объект (лот) Система тарабынан кезектеги аукционго коюлат. Кезектеги аукцион кайталанган аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып бешинчи күнү өткөрүлөт.
Кезектеги аукцион өткөн жок деп таанылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) өткөрүлбөгөн кезектеги аукциондун жалгыз катышуучусуна сатат.
Эгерде кезектеги аукционго катышууга бир да арыз берилбесе, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча объектти (лотту) анын наркын баштапкы баадан 30 пайызга чейин этап менен төмөндөтүү менен сатуу үчүн кезектеги аукционго коёт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Банктын капиталына чектүү катышууну түзгөн акциялар коюлган аукционго катышкан адам аукциондо жеңген учурда Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
Сатып алуу-сатуу келишими банктын капиталына чектүү катышууну түзгөн акциялар коюлган аукциондун жеңүүчүсү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийин түзүлөт. Эгерде аукциондо жеңген жак Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын албаса же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуудан баш тартылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартууга милдеттүү, ошол эле учурда аукциондун жеңүүчүсүнө ал төлөгөн кепилдик төлөм кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Түз сүйлөшүү жолу менен сатуу
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кызыкдар жак төмөнкүдөй учурларда түз сүйлөшүүлөр жолу менен объектти ээликтен ажыратууну демилгелөөгө укуктуу:
1) жабык акционердик коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча жабык акционердик коомдун акционерине же жабык акционердик коомунун өзүнө сатуу;
2) жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык катышуу үлүшүн артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусуна сатуу;
3) уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан ашык пайызы (катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго же ага көз каранды, же болбосо туунду коомго объектти сатуу;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мүлктү акы төлөп ээликтен ажыратуу.
6) акча каражаттары мамлекеттик бюджеттин курамына кирбеген мамлекеттик органдарга акы төлөп ээликтен ажыратуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-глава. Чарбалык коомдун уставдык капиталына салым кошуу
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган объектти чарбакер коомдун уставдык капиталына салым катары кошууга укуктуу:
1) эгерде чарбалык коомдо мамлекетке таандык акциялар (катышуу үлүшү) болсо, уставдык капиталды көбөйтүү эсебине;
2) чарбалык коомду уюштурууда;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чарбалык коомдун жаңы катышуучусу катары кабыл алынганда.
28. Объектти чарбалык коомдун уставдык капиталына салым катары киргизүү чарбалык коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5-глава. Муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү
29. Объектти муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн демилгелениши мүмкүн.
Объектти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Корутунду жоболор
30. Объекттерди сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;
2) келишимдин предметин аныктоону;
3) сатуу объекти жөнүндө маалыматтарды;
4) объекттин сатуу баасын;
5) сатып алынган объект үчүн төлөмдүн формасын жана мөөнөттөрүн;
6) тараптардын келишимдик милдеттенмелерди аткарбоосунун же талаптагыдай аткарбоосунун кесепеттерин;
7) айыптык санкцияларды;
8) келишим боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
9) келишимди бузуу тартибин;
10) өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарды.
31. Сатып алынуучу объектке акы сатып алуучу тарабынан сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде бир жолу төлөнөт.
32. Объекттин (лоттун) наркын бөлүп төлөөгө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча сатып алуу-сатуу келишиминде жол берилет.
Бөлүп төлөө төмөнкүдөй мөөнөттө берилет:
- төмөнкү учурлардын жок дегенде бири болгон учурда - 12 айга чейин:
уставдык капиталында акциялардын 50 жана андан ашык пайызы (катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго же ага көз каранды, же болбосо туунду коомго, ушул Тартиптин 24-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга объектти (лотту) сатуу;
объекттин (лоттун) сатуу наркы 100 миллион сомдон ашканда;
- объекттин (лоттун) сатуу наркы 50 миллиондон 100 миллион сомго чейин түзсө - 3 айга чейин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Объектти (лотту) бөлүп төлөө менен сатууда баштапкы төгүмдүн өлчөмү сатуу баасынан 30 пайыз өлчөмүндө болууга тийиш. Объектти (лотту) бөлүп төлөөдө төлөмдөрдүн тартиби, мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү, сатып алуучунун төлөө графигин жана бөлүп төлөө шарттарын аткарбоосунун кесепеттери сатып алуу-сатуу келишими менен белгиленет.
Баштапкы төгүмдүн суммасы сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кеч эмес толук төлөнүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659, 2025-жылдын 2-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Объектке менчик укугу сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
Кыймылсыз мүлк объекттерин ээликтен ажыратууда жер участоктору чет өлкөлүк жак болуп саналган сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен убактылуу пайдалануу укугунда өткөрүлүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
341. Эгерде сатып алуу-сатуу келишими боюнча тарап чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак болсо, анда тараптардын макулдашуусу боюнча сатып алуу-сатуу келишими боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр чет өлкөлүк валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Банктык чыгымдарды жана курстук айырмаларды төлөө объектти (лотту) сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.35. Объекттерди сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын казыналык системасындагы администрациялануучу эсебине которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ушул Тартиптин 6-пунктуна ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы тарабынан сатылган объекттерден түшкөн каражаттар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын казыналык системасындагы администрациялануучу эсебине объекттерди баалоого жана сатууга байланышкан чыгымдардын суммасын чыгарып салуу менен которулат.
37. Ушул Тартиптин 35-36-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын администрациялануучу эсебиндеги каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Трукташтыруу фондуна жиберилет.
38. Аукционго катышууга кепилдик төгүмдөр мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшөт. Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы сатып алынуучу объектти (лотту) төлөө болуп эсептелет жана администрациялануучу эсепке которулат.