Загрузка документа…
| Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 80-28 токтомуна 1-тиркеме |
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН
АЛАМҮДҮН РАЙОНУНУН
АЛАМҮДҮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
“КҮЧТҮҮ АЙМАК” СОЦИАЛДЫК-
ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮ
ЖАНА КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН
КОРГОО ПРОГРАММАСЫ
(2022-2026)
2022
Мазмуну
Кириш сөз Ошибка! Закладка не определена.
1. Учурдагы кырдаалды талдоо 3
1.1. Тышкы чөйрөнү талдоо 3
2.2. Ички чөйрөнү талдоо 5
2. Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программасынын максаты 9
3. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары 10
4. Өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо 11
5. Өнүктүрүү программасын башкаруу 11
Өнүктүрүү программасына тиркеме: 12
Киришүү
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы (мындан ары – Өнүктүрүү программасы) жакынкы 4 жылда жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жетишүү зарыл болгон жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу максаттарын аныктайт.
Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-марттагы 107-б буйругу менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын жоболоруна ылайык иштелип чыкты.
Өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемеси менен Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери кирген 15 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн.
Өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу процессинде Аламүдүн айыл аймагынын ички жана тышкы чөйрөсүнө, экономикасынын абалына, бюджетинин, социалдык чөйрөсүнүн абалына, муниципалдык мүлкүнө талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, Аламүдүн айыл аймагынын актуалдуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө үчүн калктын пикирин иликтөө боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Аталган иштин жыйынтыгы ушул Программаны иштеп чыгууда эске алынды.
Программанын укуктук негизи болуп төмөнкү ченемдер жана жоболор кызмат кылат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
3) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы № 63-А буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 буйругу менен бекитилген социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык колдонмо.
1. Учурдагы кырдаалды талдоо
1.1. Тышкы чөйрөнү талдоо
COVID-19 пандемиясына жана Кыргызстандын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишине (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-т тескемеси), ошондой эле Аламүдүн айыл аймагы менен чектешкен Бишкек шаарынын аймагындагы өзгөчө абалга байланыштуу чакан жана орто бизнестин, курулуштун, ошондой эле бир катар өнөр жай өндүрүшүнүн ишканаларынын иши дээрлик толук көлөмдө токтотулган. Кызмат көрсөтүү тармагы эң аялуу абалда калган.
Базарлар, соода борборлору, чач тарачтар, ресторандар жана коомдук тамактануу ишканалары убактылуу жабылып, ошондой эле массалык иш-чараларды, анын ичинде ресторандарда майрамдардоого тыюу салынып, жүк- жана авто ташуулар (такси) токтотулган.
Жогоруда аталган факторлордун бардыгы айыл аймагынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө, ошондой эле Аламүдүн айыл аймагынын бюджетине салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген.
Мындан тышкары, жакынкы жылдары айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө тышкы чөйрөдө болуп жаткан процесстер да белгилүү таасирин тийгизет.
Тышкы процесстерди талдоону төмөнкү багыттарга бөлүүгө болот:
- тышкы саясий процесстер (КМШга мүчө негизги өлкөлөрдүн – Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын экономикалары менен байланыштар; өлкөнүн тышкы саясий багыты; эл аралык уюмдарга, атап айтканда, ЕАЭБга, КМШга, ЖККУга, ШКУга жана башкаларга мүчөлүгү);
- жогорку мамлекеттик деңгээлдеги саясий процесстер (президенттик, парламенттик шайлоолор);
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик/тармактык программалар, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр;
- айыл аймагынын негизги мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары (Президент, Министрлер Кабинети, Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы жана башкалар) менен өз ара аракеттенүүсү;
- башкы ЖӨБ органдары менен өз ара мамиле, муниципалитеттер аралык кызматташтык;
- эл аралык уюмдардын жана агенттиктердин ишмердүүлүгү (АРИСтин, ЖӨБ бирлигинин, ӨСИнин программалары/долбоорлору).
Тышкы факторлордун ар бири экономиканын, ошондой эле социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө потенциалдуу оң же терс таасир тийгизүү көз карашынан каралышы керек. Тышкы факторлордун ичинен айыл аймагынын өнүгүшүнө 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгы эң чоң оң таасирин тийгизди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында айыл аймагында төмөнкүдөй бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү:
- Аламүдүн айылына суу мунарасын сатып алуу жана орнотуу (“Зеленый клин” ж/к);
- Аламүдүн айылында (Чүй тар көч.) шаардын борбордук коллектрине чейин канализация тармагы орнотулду;
- көчө жарыктары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
- калкты тейлөө үчүн лизинг аркылуу транспорт каражаттары: 8 автобус, 2 таштанды ташуучу унаа, 2 оор жүк ташуучу самосвал, 1 экскаватор жана 1 жол маласы сатып алынды;
- № 1 жана № 2 АЖОББ мектептери үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүлөр сатып алынды:
1) программалык камсыздоонун жана лабораториянын билим берүү пакети;
2) мектептердин окутуучулары үчүн ноутбуктар;
3) окуучулар үчүн интерактивдүү доска;
- айыл аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери интернетке кошулду;
- Аламүдүн жана Садовое айылдарында жайгашкан 2 китепканага капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү, ошондой эле китепканаларды жабдуу үчүн: 1) компьютердик техника; 2) китеп фондун толуктоо; 3) эмерек (отургучтар) сатып алынды.
Ошондой эле, тышкы факторлордун арасында “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясы айыл аймагын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча бекитилген “Жол картасы” мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кагаз жүзүндөгү маалымкаттарды суроону жокко чыгарууга, “Түндүк” электрондук башкарууну ишке ашырууда маалымат алмашууну камсыздоого, “Санарип аймак” системасын киргизүүгө алып келет.
2.2. Ички чөйрөнү талдоо
2.2.1. Географиялык жана табигый-климаттык фактор
Аламүдүн айыл аймагы – 4,73 чарчы км түзөт.
Райондук борборго чейинки аралык - 7,0 км; темир жолго чейин - 12,0 км.
Айылдык кеңештин түзүлгөн күнү - 1967-ж.
2.2.2. Ресуртук фактор
Айыл аймагынын башкы ресурсу болуп күчү негизинен орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган анын тургундары саналат. Аламүдүн айылынын аймагында бизнестин, билим берүүнүн, маданияттын жана спорттун өкүлдөрү жашайт. Аламүдүн айыл аймагынын калкынын саны 2021-жылдын 1-январына карата 13705 кишини түздү, анын ичинен аялдар 7395, эркектер 6310, анын ичинде Аламүдүн айылында 12198, Садовое айылында 1507 киши жашайт. Алардын ичинен эмгекке жарамдуу калктын үлүшү – 60 пайыздан ашык.
Айыл аймагында бизнес жүргүзүү, анын ичинде базарларда соода кылуу боюнча, ошондой эле түрдүү кызматтарды көрсөтүү боюнча көндүмдөрдү муундан муунга өткөрүп берүү улуттук салты сакталып калган. Жаштар Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында билим алып, келечектеги адистигин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Айыл аймагында 10дон ашык улут жашайт. Айыл аймагынын калкынын этникалык курамынын негизги бөлүгүн кыргыздар жана орустар – 90 пайызын түзөт.
2.2.3. Инфратүзүмдүк жана экономикалык фактор
Айыл аймагында жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн төмөнкү муниципалдык ишканалар (мындан ары – МИ) түзүлүп, өз ишин жүзөгө ашырууда:
1) “Долбоор-Аламүдүн” - жерди пайдалануу эрежелерин белгилөө, шаар куруу жана архитектура ченемдерин жана эрежелерин сактоо үчүн;
2) “Аламүдүн Авто-Транс” - калкты сапаттуу коомдук транспорт жана автотранспорт менен ташууну камсыз кылуу, ошондой эле Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын чектеринде коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу үчүн;
3) “Муницкурулуш” - муниципалдык жолдордун иштешин жана күтүлүшүн камсыз кылуу үчүн;
4) “Аламүдүн айылынын санитардык-экологиялык кызматы” - аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык, ветеринардык жана экологиялык абалды сактоо үчүн;
5) “Шоола-Аламүдүн” - жарнамаларды жайгаштыруу, анын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жана түнкү жарыктандырууну сактоо үчүн;
6) “Сантех-Сервис-Аламүдүн” КМИ - канализация тутумдарынын жана тазалоо курулмаларынын ишин камсыз кылуу үчүн.
Ошондой эле, айыл аймагында жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылган “Гидрокуруучу” ИСКАКБ өз ишин жүргүзөт.
Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүүнүн экономикалык ресурсунун өзгөчөлүгү – иштеп жаткан 116 чарбакер субъектинин болушу.
Айыл аймагында 4553 кожолук бар: 64 жеке соода түйүндөрү (павильондор), 3 жеке мончо жана мечит иштейт. Калк 95% ичүүчү суу менен камсыз болгон, аймактын 20 пайызы канализация тутумдары, электр энергиясы менен жабдылган жана калктын 30 пайызы газдаштырылган.
2.2.4. Өнүгүүнүн маданий фактору
Өлкөдө маданий билимге болгон муктаждыктын жалпы төмөндөөсүнө карабастан, Аламүдүн айыл аймагынын тургундары шаардык маданиятка жуурулушкан жергиликтүү салттарды сактап кала алышты, анткени айыл аймагы Бишкек шаарынын аймагы менен чектешип турат.
Маданий-агартуу иштеринин борбору болуп активдүү иштеп жаткан клуб саналат. Ошондой эле, элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана калктын бош убактысын уюштуруу, өсүп келе жаткан муун менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, аларды элдик чыгармачылыкка тартуу үчүн “Ынтымак-Аламүдүн” муниципалдык чыгармачылык бирикмеси жана жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча “Аламүдүн айылынын чөлкөм таануу музейи” өз ишин жүзөгө ашырат.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнүн аймагында 2 китепкана, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды билим менен толук камтуу үчүн “Ачык келечек” балдар билим берүү борбору, ошондой эле мектептердин алдындагы башка чыгармачыл топтор жана жамааттар иштейт.
Маданий турмуш – жалпы элдик майрамдар, театрлаштырылган оюн-зооктор, фестивалдар, конкурстар, жаштар майрамдары, көргөзмөлөр, оюн программалары, кызыктуу адамдар менен жолугушуулар ж.б. жыл сайын маданият мекемелеринде балдар, карылар, калктын социалдык жактан аярлуу топтору үчүн иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, маданиятка болгон кызыгуу мектеп окуучуларынын туруктуу өсүшүндө байкалат.
Айыл өкмөтү үчүн өнүгүүнүн маанилүү маданий факторунун болушу Аламүдүн айыл аймагынын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет.
2.2.5. Өнүгүүнүн спорттук фактору
Аламүдүн айыл өкмөтү спортту өнүктүрүү жаатында ийгиликтерге жана жетишкендиктерге ээ.
Айыл аймагыбыздын өкүлдөрү каратэ, футбол, сууда сүзүү, күрөш, волейбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон.
Айыл өкмөтүнүн аймагында өсүп келе жаткан муунду жана жаштарды дене тарбияга, спортко жана спорттун улуттук түрлөрүнө массалык түрдө тартуу үчүн “Аламүдүн-Спорт” спорттук мекемеси иштейт.
Спорттук мекеменин, квалификациялуу машыктыруучулардын болушу потенциалды калыптандырат, аны сактап калуу гана эмес, айыл аймагынын жашоочуларынын кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүү зарыл.
2.2.6. Өнүгүүнүн социалдык фактору
Аламүдүн айыл аймагында төмөнкүлөр жайгашкан:
Мектептер:
- № 1 Аламүдүн орто мектеби: долбоордук кубаттуулугу - 565 окуучу, 1331 окуучу билим алат, 44 класс топтому бар, 67 мугалим эмгектенет.
- № 2 Аламүдүн орто мектеби: долбоордук кубаттуулугу - 400 окуучу, 726 окуучу билим алат, 29 класс топтому бар, 30 мугалим эмгектенет.
Балдар бакчалары:
- “Жомок” МББУ - 320 орун, тизме боюнча 150 бала барат.
- “Тумар” МЧББ - 195 орун, тизме боюнча 100 бала барат.
- “Бөбөк” МЧББ - 70 орун, тизме боюнча 80 бала барат.
ФАП - 2: Аламүдүн, Садовое айылдарында.
Сапаттуу билим алуунун эң маанилүү фактору болуп балдардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн жаңыча мамиле кылууну жана ыкмаларды киргизүүнү каалаган жана умтулган мугалимдердин болушу саналат.
Мектептик билим берүү системасы мамлекеттик органдардын жоопкерчилик чөйрөсүнө киргендигине карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептерди жана мектепке чейинки балдар мекемелерин күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча маанилүү милдеттерди чечип келет.
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берген жеке ыйгарым укуктарга ээ. Облустук жана республикалык деңгээлдеги мектеп Олимпиадаларында жогорку орундарды ээлеп, окуусунда жогорку натыйжаларды көрсөткөн балдардын жана жаштардын билим деңгээли менен айыл аймагынын жашоочулары салттуу жана татыктуу сыймыктанышат.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандагы, КМШ өлкөлөрүндөгү жана алыскы чет өлкөлөрдөгү эң мыкты жогорку окуу жайларына тапшырышат. Кесиптик билим алган жаштар менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин эмгек жамааттарына жуурулушуп кетет.
2.2.7. Муниципалдык мүлк өнүгүү фактору катары
Жогоруда аталган билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объекттери менен катар айыл аймагы имараттардан жана жабдуулардан (мүлктүк комплекстерден), турак жай-коммуналдык (суу менен жабдуу, канализация курулмалары жана коммуникациялар) объекттеринен, оңдоо-курулуш жана транспорт чарбасынан, калктуу конуштардын муниципалдык көчөлөрүнөн, көпүрөлөрүнөн жана жолдорунан, коомдук парктардан жана башка көрктөндүрүү жана жашыл чарба объекттеринен турган муниципалдык мүлк түрүндөгү өнүктүрүү үчүн маанилүү ресурска ээ.
Ошол эле учурда, муниципалдык мүлктү толук инвентаризациялоо жана санариптештирүү боюнча иштер улантыларын белгилейбиз. Бул Аламүдүн айыл өкмөтүнө белгиленген мыйзам тартибинде иштелип чыккан жана бекитилген Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибине ылайык, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатуу же ишкерлерге ижарага берүү көлөмүн көбөйтүүгө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
2.2.8. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин мүмкүнчүлүктөрү – өнүгүү фактору катары
Аламүдүн айыл өкмөтү өзүн-өзү камсыздайт. Кирешелердин негизги түрлөрү болуп чакан жана орто бизнестен түшүүлөр: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген чөйрөлөрдө аймактын негизги турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер саналат.
2.2.10. Саясий фактор
Аламүдүн айыл өкмөтүндө жергиликтүү деңгээлде өнүгүү, башкаруунун натыйжалуулугу жана долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү деңгээлде аймактагы жана жалпы региондогу саясий коньюктурадан көз каранды.
Ийгиликке жетүүдө муниципалитеттин жетектөөчү курамынын саясий жана башкаруучулук позициясы өзгөчө роль ойнойт.
2021-жылдын 11-апрелинде шайланган айылдык кеңештин чакырылышы 21 депутаттан турат.
Ушул эле жылы 5-июнда айыл өкмөтүнүн башчысы, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Аламүдүн айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган.
Айыл аймагы үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасири бар адамдар бийлик институттарында, анын ичинде Аламүдүн айылдык кеңешинде да көрсөтүлгөн.
Айыл аймагында активдүү жарандар айылдык кеңештин сессияларынын ишине катышуу, айыл аймагы үчүн турмуштук маанилүү маселелер менен алектенген түрдүү комиссиялардын жана жумушчу топтордун курамына кирүү, жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо жана алардын демилгелерин айыл аймагында илгерилетүү тажрыйбасы өнүккөн.
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өзүнүн жеке веб-сайты бар, анда жарандардын электрондук кайрылуулары кабыл алынат, ошондой эле жарандардын арыздарын коомдук кабылдама кабыл алат, ишеним телефону иштейт. Мындан тышкары, калктын жыйындары, коомдук угуулар өткөрүлөт, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тургундардын өтүнүчтөрү жана даттануулары боюнча жерине барышат.
2. Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен өнүктүрүү
программасынын максаты
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн айыл аймагында 2021-жылдын апрелинде калктын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн изилдөө (сурамжылоо жана фокус-топтук жолугушууларды өткөрүү ыкмасы аркылуу) жүргүзүлгөн.
Тартылган эксперттер менен биргеликте жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого айыл аймагынын 100дөн ашык тургуну катышкан.
Мындан тышкары, калктын 6 тобу (жаштар, аялдар, бизнес-коомчулук, бюджетке багытталган субъекттер, коомдук уюмдар жана КЭУлар) боюнча 3 фокус-топтук жолугушуу өткөрүлүп, аларга 70тен ашык адам катышты.
Аталган иш-чараларга катышуучулардын жалпы саны түрдүү улуттагы жана түрдүү социалдык статустагы, аялдарды кошо алганда, 170тен ашуун адамды түздү.
Жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Аламүдүн айыл аймагынын төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйлөрү аныкталды:
- ички жолдордун абалынын начардыгы, коомдук транспорт үчүн аялдамалардын жана айрым жолдордо, жанжолдордо көчө жарыктарынын жоктугу;
- айрым участоктордо канализация жана тазалоочу курулмалар тутумунун жоктугу (тамаркаларды сугаруу үчүн арык тутумунун абалынын начардыгы);
- таштандыларды чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу;
- сейилбактардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешинин чектелгендиги, бул өз кезегинде бош убакытты уюштурууга таасирин тийгизет;
- коомдук пайдалануудагы жерлерди (балдар аянтчаларын) жарым-жартылай көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
- чакан жана орто бизнес объекттеринин чектелген иши;
- жеке турак жай жана социалдык объекттерди куруу үчүн жер участокторунун жоктугу.
Ушуга байланыштуу, 2022-2025-жылдарга Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун талкуусунун жыйынтыгы боюнча артыкчылыктуу багыттар болуп саналган жана тургундардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоого түздөн-түз таасирин тийгизген төмөнкү негизги чөйрөлөр аныкталды:
1. Жеке турак жайды куруу жана социалдык объекттерди куруу;
2. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
3. Инфрастүзүм жана көрктөндүрүү;
4. Суу менен камсыздоо жана канализация;
5. Инвестиция тартуу.
3. Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары
1-артыкчылык. Жеке турак жай куруу жана социалдык объекттерди куруу.
Айыл аймагында жарандардын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга муктаждыктарынын көбөйгөндүгү, башкача айтканда жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга кезекте тургандардын санынын өсүшү байкалууда, бул жөнүндө келип түшкөн арыздардын статистикасы тастыктайт (2021-жылдын 1-июнуна карата айыл өкмөтүндө 1800 арыз катталган) жана муктаж катары кезекте турган жана Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу ушул жер участокторун акысыз алууга укуктук негиздери бар жарандардын жылдан жылга өсүшү байкалууда. Статистикага ылайык, кезекте турган жарандардын санын 2010-жыл жана 2020-жыл менен салыштырсак, алардын саны 25 пайызга көбөйгөн.
Бирок, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторунун жоктугу көйгөйү бар.
Ушуга байланыштуу, Аламүдүн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүү үчүн калктуу конуштардын аймагын кеңейтүү шартында Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын программасын кабыл алуу зарыл, ал ушул Өнүктүрүү программасынын ажырагыс бөлүгү болот.
Мындан тышкары, айыл аймагында жашаган калктын керектөөлөрүнө жараша социалдык объекттерди, тактап айтканда маданият, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо объекттерин куруу, инженердик жана транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү зарыл.
2-артыкчылык. Айылдык аймагынын коммуналдык кызмат көрсөтүү тутумун жакшыртуу жана айылдарды көрктөндүрүү
Коммуналдык кызмат көрсөтүү жана көрктөндүрүү тармагында төмөнкү негизги багыттар аныкталды:
- айыл аймагынын тургундарын ичүүчү суу менен толук кандуу камсыз кылуу;
- санитардык тазалоо жана КТКны ташып чыгаруу;
- жергиликтүү маанидеги жолдорду күтүү.
3-артыкчылык. Тургундарды таза суу менен камсыз кылуу
Сапаттуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө туруктуу жеткиликтүүлүк – калктын татыктуу жашоо деңгээлинин маанилүү критерийи жана ишкердикти өнүктүрүүнүн негизи. Азыркы учурда Аламүдүн айыл аймагы керектөөчүлөрдү ушул кызматтар менен маанилүү деңгээлде камсыз кылууга мүмкүндүк берген базалык суу инфрастүзүмүнө ээ. Айыл өкмөтүнүн аймагында “Гидрокуруучу” ИСКАКБ өз ишин жүргүзүүдө. Фокус-топтордо аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөргө ылайык Гагарин жана Гидростроитель көчөлөрүнүн жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу зарыл.
Акыркы жылдары топтолгон көйгөйлөрдөн улам коммуналдык кызмат көрсөтүү чөйрөсү өзгөчө көңүл бурууну, суу инфрастүзүмүн реконструкциялоону жана оңдоп-түзөөнү талап кылууда. Суу менен камсыздоо жана канализация маселелерин этибарга албоо оорулардын жогорку тобокелдигине жана эпидемиологиялык коркунучтун пайда болушуна алып келет.
Ошондой эле, жумушчу топтун мүчөлөрү талкуулап, төмөнкү артыкчылыктарды белгилешет:
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө (айыл аймагынын Ишкерлер ассоциациясы барбы, айыл өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү даражасын белгилөө, кандай механизмдерди жакшыртууга болот жана башка маселелер);
- инфрастүзүм жана абаттоо (парктарды, эс алуу жайларын ачуу, мүмкүн болгон уюштуруу жайларын (даректерди) конкреттештирүү зарылчылыгы барбы);
- суу менен камсыздоо жана канализация (көчөлөрдү көрсөтүү менен жакынкы келечекте 4 жыл ичинде канализация киргизүү, суу менен камсыздоо маселелерин – арык тармактары, ичүүчү суу ж. б. чечүү зарылдыгы);
- инвестиция тартуу (акыркы 3 жылдагы тажрыйбага таянуу менен жумушчу топтун мүчөлөрү кандай инвестицияларды тартуунун механизмдерин, инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон инфрастүзүм объекттерин көрсөтүү менен сунуштай алышат).
4. Өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
4.1. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары – МжБ) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашырууну башкаруунун натыйжалуу куралы болуп саналат. МжБ системасы – бул жарандардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн ишке ашырууну чагылдырууга багытталган курал. Башкаруу куралы катары мониторинг жүргүзүү жана баалоо сандык жана сапаттык маалыматтарды чогултуу шаймандары болгондо натыйжалуу болот.
Аламүдүн айыл аймагында айылдык кеңештин токтомунун негизинде МжБ боюнча топ түзүү зарыл, ага айылдык кеңештин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү (аксакалдар соту, КАБ жана башкалар), айыл башчысы жана айыл өкмөтүнүн башка кызматкерлери кириши мүмкүн.
Айыл аймагынын МжБ тобу тарабынан квартал сайын айыл аймагында аткарылган иштерге (курулуш, оңдоп-түзөө ж.б.) мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт.
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча иштин сапаттуу аткарылышы жөнүндө чечимдер кабыл алынат.
МжБнын жыйынтыктары тууралуу маалымат айылдыктарга жеткиликтүү жана маалымат такталарында, ЖМКларда, айыл аймагынын сайтында жайгаштырылган.
5. Өнүктүрүү программасын башкаруу
Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү программасынын субъекттери болуп айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, Өнүктүрүү программасын ишке ашырууга түздөн-түз тартылган өнөктөштөр (жеке ишкерлер, активисттер жана маданият, жаштар кыймылы, спорт чөйрөсүндөгү лидерлер, аялдар уюмдары) аныкталды.
Өнүктүрүү программасын башкаруу үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылды:
1. Өнүктүрүү программасынын Иш-аракеттер планынын милдеттери адистер арасында бөлүштүрүлүп, жооптуу адамдар дайындалды;
2. Жооптуу адамдар кварталына 1 жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына программаны ишке ашыруу боюнча отчет берип турары белгиленди;
3. Айыл өкмөт башчысы жылына 1 жолу 1-марттан кечиктирбей жергиликтүү кеңешке жана жамаатка отчет берип турары белгиленди.
Өнүктүрүү программасына тиркеме: