Загрузка документа…
| Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 80-28 токтомуна 2-тиркеме |
Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө
жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө
Кыргыз Республикасынын жарандарын
жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
Чүй облусунун Аламүдүн районунун
Аламүдүн айыл аймагынын
ПРОГРАММАСЫ
2022
Мазмуну Ошибка! Закладка не определена.
Программанын паспорту Ошибка! Закладка не определена.
1. Программаны кабыл алуу үчүн мыйзамдар Ошибка! Закладка не определена.
2. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн учурдагы абалы Ошибка! Закладка не определена.
3. Программанын негизги максаттары, милдеттери жана жүзөгө ашыруу мөөнөтү Ошибка! Закладка не определена.
4. Программанын башкы (негизги) иш-чаралары Ошибка! Закладка не определена.
5. Жеке турак жай куруу максаты үчүн жарандарга жер участокторун берүүнү камсыз кылуу Ошибка! Закладка не определена.
6. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун инфрастүзүмү менен берүү камсыз кылуу Ошибка! Закладка не определена.
7. Программаны жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары Ошибка! Закладка не определена.
8. Программаны жүзөгө ашырууну финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Ошибка! Закладка не определена.
Программага тиркемелер: Ошибка! Закладка не определена.
Программанын паспорту
Программанын аталышы | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүүдө жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу программасы |
Программыны иштеп чыгуу үчүн негиз
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамы (9-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пункту) |
Программаны кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу күнү | Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын _____________№____ тескемеси
|
Программаны жооптуу аткаруучу | Аламүдүн айыл өкмөтү |
Программанын кошо аткаруучулары | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик
Аламүдүн районунун Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук филиалы |
Программанын максаты
| Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүүнүн эсебинен жеке турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү жана түзүлгөн жаңы жер участокторун муктаж катары кезекте турган жана ушул жер участорун Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укуктук негиздери бар жарандардын менчигине жеке турак жай курууга берүү үчүн шарттарды түзүү. |
Программанын милдеттери | 1) калктуу конуштун жерлерин кеңейтүү үчүн - жеке турак жай курууга жер участокторун берүү үчүн жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча маселени чечүү. 2) Аламүдүн айыл аймагында жеке турак жай курууга жер участорун берүү үчүн муктаж катары кезекте турган жана ушул жер участорун Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз берүүгө укуктук негиздери бар жарандарга берүү үчүн жер участокторун түзүүнү камсыз кылуу; 3) айыл аймагынын жер, турак жай, социалдык-экономикалык, инвестициялык саясатын жана башка программаларын (СЭӨП, муниципалдык менчикти башкаруу программасы ж.б.) камтыган айыл аймагын өнүктүрүүнүн бирдиктүү комплекстүү саясатын ишке ашыруу. |
Программаны жүзөгө ашыруу мөөнөтү | 2022-жылдын июну – 2025-жылдын декабры |
Программанынын максаттуу көрсөткүчтөрү жана жүзөгө ашыруу индикаторлору | Айыл аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын бир жаранын турак жай менен камсыз болушун көбөйтүү;
Жарандардардын муктаждыктарын канаатандыруу үчүн зарыл болгон жер участогунун санында жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында аларды бир жолу акысыз алууга укуктуу жарандарга берүү үчүн түзүлгөн жер участокторунун үлүшү;
Ушул программаны жүзөгө ашыруунун алкагында жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз жер участогун алууга укуктуу жарандарга берүү үчүн түзүлгөн жер участокторунун саны;
Ушул негиз боюнча жер алууга укуктуу жарандардын жалпы санында (гендердик жана жаштар саясаты боюнча индикаторлорду кошкондо) жаңы түзүлгөн жер участокторунун мекчикке акысыз берүү укугун ишке ашырган, жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укуктуу жарандардын үлүшү;
Отчеттук жылда ушул программаны жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынын үлүшү отчеттук жылда программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражатынын жалпы көлөмүндө. |
Программаны жүзөгө ашыруунун күтүлгөн жыйынтыктары | Программаны жүзөгө ашыруунун натыйжасында төмөнкүлөр күтүлөт: 1) турак жай инфратүзүмүн кеңейтүүнүн жана жаңы түзүлгөн жер участокторунан акысыз менчикке берүү укугун жүзөгө ашырган жеке турак жай курууга Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу аларды акысыз алууга укуктуу жарандардын санынын өсүшүнүн эсебинен жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу; 2) Аламүдүн айыл аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын бир жаранын турак жай менен камсыздандоону көбөйтүү |
Программаны жүзөгө ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы | бар |
Каржылоонун булагы жана көлөмү | Программаны каржылоо жергиликтүү жана республикалык бюджеттин каражатынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жана чегинде ишке ашырылат. Программа чыгашалар боюнча милдеттенмелерди гана белгилейт.
Каражаттын көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү финансылык жылдар үчүн жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин бекитилишине жана такталышына жараша такталат. |
Киришүү
Ушул программа калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө жеке турак жай куруу үчүн түзүлгөн жер участоктору менен Аламүдүн айыл аймагынын жарандарын камсыз кылуу тартибин аныктайт.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо аныкталган жынысы, расасы, аялуулук, этникалык таандыктуулук белгиси боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарга карабастан 18 жашка толгон, жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүүгө муктаж катары кезекте турган жана ушул жер участорун берүүгө укуктук негиздери бар Кыргыз Республикасынын жарандарына гана жайылтылат.
Аталган Программанын жоболору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бир жолу акысыз менчикке жер участогун алууга укуктуу Аламүдүн айыл аймагында жашаган жарандар үчүн милдеттүү.
1. Программаны кабыл алуу үчүн мыйзамдар
1.1. Ушул Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 6-бөлүгүнүн 7-пунктунун талаптарын аткаруу үчүн иштелип чыкты, ага ылайык калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программа иштелип чыгат.
1.2. Жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бир жолу акысыз менчикке жер участогун алууга укуктуу Аламүдүн айыл аймагында жашаган жарандарга жеке турак жай куруу үчүн түзүлгөн жер участокторун берүү төмөнкү ченемдик актылар менен жөнгө салынат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
3. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси;
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
5. “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. “Жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы токтомунун редакциясында) ;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 80 токтомунун редакциясында);
10.Аламүдүн айыл аймагынын Жеке турак үйлөрүн курууга жер участокторун берүү ченемдерин белгилөө жөнүндө, облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган калктуу конуштардын башкы пландарын, башкы схемаларын жана Курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин бекитүү тууралуу токтому;
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жана жаңы калктуу конушту түзүү (жер участокторун которуу/трансформациялоо) жөнүндө токтому.
2. Жеке турак жай курулушу боюнча жер участокторун берүүнүн
учурдагы абалы
Айыл аймагындагы жеке турак жай курулушу, жалпы республикадагыдай эле, тарыхый жактан турак жай маселелерин чечүүнүн эң негизги куралы болуп саналат, анткени киреше деңгээли ар түрдүү болгон жарандарга жеке турак жай курууга мүмкүнчүлүк берет. Маселени ушундайча коюу менен, жеке турак жай курууга жер участокторун берүү үчүн шарттарды камсыз кылуунун укуктук механизмдерин кароого өзгөчө көңүл бурулушу керек.
Ушул программада айыл аймагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоодо жеткиликтүү жана коопсуз турак жай боюнча көз карашты иштеп чыгуу зарылчылыгы жана көйгөйлөрдү эсепке алууну жакшыртуунун өз убагындалыгы негизделген.
Жеке турак жай курулушу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жер участоктору менен камсыз кылуу көйгөйлөрү жана шарттары келтирилди жана талданды.
Аймактын жамаатынын дээрлик бардык мүчөлөрү жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү белгилеген негизги көйгөй – жеке турак жайларын курууга жер берүү үчүн – калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди которууну демилгелөөсү үчүн жеке турак жайларын курууга жер берүү үчүн бош жерлердин жоктугу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн жараксыз айыл чарба багытындагы жерлердин жоктугу.
Айыл аймагында жарандардын жер участогун алууга болгон муктаждыгы өскөнү, башкача айтканда, жеке турак жай курууга жер участогун алууга кезекте тургандардын саны өскөндүгү байкалууда, бул тууралуу келип түшкөн арыздардын статистикасы күбөлөндүрүп (айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-июнуна карата 1000ден ашык арыз катталган) турат жана жылдан жылга муктаждар катары кезекте турган жана ушул жер участокторун Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укуктук негиздери бар жарандардын саны өскөнү байкалат. Статистикага ылайык, эгерде 2010-жыл менен 2020-жылда кезекте турган жарандардын санын салыштырсак, анда алардын саны жылдан жылга көбөйгөн.
Айыл аймактагы кийинки көйгөй - инженердик жана социалдык инфрастүзүмдү курууга жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги финансы ресурстарынын жетишсиздиги. Инфрастүзүмдү курууга финансылык колдоонун жетишсиздигинен улам бүгүнкү күндө куруучуларга аянтчаларды тиешелүү тармактар жана объекттер менен камсыз кылуу боюнча кошумча жүк жүктөлүп жатат. Бул жүк куруучулар үчүн дайыма эле мүмкүн боло бербейт, өзгөчө курулуш материалдарына баалардын өсүшү, пандемия (COVID) менен байланышкан жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал жүрүп жаткан учурда, киреше деңгээлинин төмөндүгүнөн улам аймактын калкы жеке турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги сыяктуу көйгөй байкалат.
Мындан тышкары, аталган кырдаал Аламүдүн айыл аймагы Бишкек шаарына жакын жайгашкандыгы менен татаалданат жана ички миграция да таасирин тийгизип келет, буга байланыштуу айыл аймагындагы калктын саны өсүп жаткандыгы байкалууда.
Географиялык жана физикалык мүнөздөгү жердин объективдүү касиеттерине таянып, аны колдонууну укуктук жөнгө салуу жерди пайдалануунун рационалдуулугунун жана натыйжалуулугунун принциптерине негизделет. Калктуу конуштардын жеке турак жай куруу максаттарына арналган жерлери Кыргыз Республикасынын жерлеринин башка категорияларына караганда юридикалык мааниде артыкчылыкка ээ деп айтууга болбойт. Аймактарды пландаштыруу жана шаар курууну зоналаштыруу жарандардын өздөрүнүн кызыкчылыгында тең салмактуу болушу керек, анткени чечилбеген инфрастүзүмдүк маселелер жашоонун бардык чөйрөсүнө таасирин тийгизет.
Так юридикалык мааниде “ЖТК курууга жер участогун берүү” деген конкреттүү жер участогун түзүүнү, ага укуктуу жарандын менчигине берүүнү жана курулуштун өзүн жүзөгө ашырууну камтыйт.
Жеке турак жай курууга жер берүүнүн биринчи аспекти – жер участогун түзүү боюнча иштер атайын ыйгарым укуктуу органдар (курулуш жана архитектура органдары - Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-ст.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары, жер участогун түзүү боюнча иштерге коммуналдык чарба кызматы, мамлекеттик каттоо кызматынын органдары ж.б. катышат. Ар бир кызмат өзүнүн карамагындагы маселелердин чөйрөсүнө жараша конкреттүү жер участогу боюнча корутунду түзүүгө милдеттүү. Ар бир жер участогу боюнча маалымат топтому түзүлөт. Жалпысынан жеке турак жай курууга жер участокторун берүүнүн процесстик жагы абдан так жөнгө салынган. Ошого жараша жеке турак жай курууга жер участогун берүү бир тармактык тиешелүү ченемдер менен чектелбестен, жарандык, жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин камтыйт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII “Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулушу жөнүндө” мыйзамында минималдуу турак жай аянтын санитардык-техникалык коопсуздуктун ченемдерине байланганы камтылган, ал эми жер участогун бөлүү жана жекече турак үйүнүн курулушу шаар куруу ченемдерине (жогоруда аталган Мыйзамдын 4, 5-ст.) байланыштырылган.
Жеке турак жай курууга жер участогун берүү юридикалык байланыштар менен шартталган – менчик укугунун пайда болушунун негизинен жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлктү жана анын юридикалык табиятын мамлекеттик каттоодон өткөргөн учурга чейин. Тактап айтканда, жаранга жеке турак жай курууга жер участогун берүүнүн негизинде жер участогун бөлүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтому (ЖТК жөнүндө мыйзамдын 5-ст.), “Кадастр” ММнын филиалы тарабынан бериле турган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты юридикалык факты болуп саналат. Токтомдо жана мамлекеттик актыда жер участогунун максаттуу багыты милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Жер участогун өздөштүрүү, башкача айтканда ага жеке турак үйүн куруу чектелген ресурс катары жерди рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануунун көрсөткүчү болуп саналат.
Ошентип, жарандардын жеке турак жай курууга укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн максаттуу модели - жеке турак жай курууга жер участогун берүү жарандардын турак жай укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды жана турак жай курулушуна дем берүүнү камсыз кылууда конституциялык кепилдиктерин жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлүүчү комплекстүү мейкиндикте пландаштыруудан, жер участогун түзүү учурунан башталып, андагы курулуш менен аяктаган уюштуруучулук жана укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин камтыйт.
Бул процесс: аймакты пландаштыруу боюнча документтерди даярдоо (укуктук зоналаштыруу); аймакты иретке келтирүү боюнча иштерди аткаруу (инженердик, транспорттук жана социалдык инфрастүзүм); Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укугу бар жарандарга ЖТК үчүн жер берүү; турак жай курулушун ишке ашыруу этаптарынан турат.
Жер мыйзамдарына ылайык жер участогу Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине акысыз негизде жана ЖТК үчүн гана берилет (КР ЖКнын 32-ст., 33-ст.).
Бирок, жер участогунун максаттуу багытын аныктоо, ЖТК үчүн жер участогун түзүү жана социалдык жана инженердик инфрастүзүм түзүү шаар куруу документтеринин (Башкы план, толук курулуш планы ж.б.) негизинде ишке ашырыларын эске алуу зарыл. Муну менен, эгерде муниципалитеттин карамагында ЖТК үчүн арналган жерлер бар болсо, анда алар Кыргыз Республикасынын жарандарына, негизинен, КР ЖКнын 32-статьясындагы тартипте – жер участогун акысыз алуу укугунда берилиши керек, анткени аталган учурда татаал юридикалык курам пайда болот (турак жай курулушуна дем берүүгө жана турак жай укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө конституциялык кепилдиктер).
Экинчи жагынан, ЖТК үчүн жер участокторун берүү практикасынан баш тартуу жердин экинчилик рыногунда түзүлө турган көмүскө акча агымынын өсүшүнө шарт түзөт жана жергиликтүү бюджеттерди олуттуу кирешелерден ажыратат.
Ушуга байланыштуу, жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн азыркы этабында аталган маселени чечүү үчүн “дайыма “кеңдикке карай жайылууга мүмкүн эмес, бийиктикке карай өсүш керек” дегендей, Аламүдүн айыл аймагынын ЖӨБ органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы Конституциясынын 45-беренесинде жана 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган жарандардын турак жайга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча жаңыча мамилени иштеп чыгуу зарыл. Биз шаарыбыз менен айылыбыздын көрүнүшүн өзгөртүп, аларга заманбап өң-түз беришибиз керек, бул комплекстүү мейкиндикте пландаштырууга жана өнүктүрүүгө жаңыча мамилени талап кылат, архитектуралык жана курулуш ченемдерине жана стандарттарына жана шаар куруу регламентине талаптарды күчөтөт.
Натыйжалуу энергетикалык жана ирригациялык тармактарды, жол жана транспорттук инфрастүзүмдөрдү өнүктүрүү, калктуу конуштарды ичүүчү таза суу жана суу буруучу тутумдар менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети жеринде өнүгүүнү камсыз кылуучу экономикалык жана социалдык субъектилерди калыптандыруу болот”.
Ошентип, ушул программа айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен шаар куруу документтерин синхрондоштурууга багытталышы керек.
Бирдиктүү жер, турак жай, социалдык жана маданий саясат, турак жай-коммуналдык чөйрөдөгү саясат урбанизациянын өнүгүү тренддерин, калктын санынын өсүшүн, ошондой эле аймактын өнүгүү өзгөчөлүгүн эске алуу менен айыл аймагында жашоонун ыңгайлуу чөйрөсүн өнүктүрүүгө комплекстүү мамилени камсыз кылат.
Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай курулушуна колдоо көрсөтүүнүн негизги чаралары инженердик коммуникациялар менен массалык курулуштагы турак жай конуштарын жайгаштыруу аркылуу калктын калың катмарына жеткиликтүү турак жайларды курууга дем берүүгө багытталат. Бул жеке айыл аймагында муниципалдык шериктештиктин алкагында калкка кредиттик (ипотекалык) жана ижарага берилүүчү турак жайларды сунуштоо үчүн жеке инвестицияларды, үлүштүк курулуш механизмдерин тартуу үчүн, ошондой эле жеке турак жай куруу аркылуу жеке турак жай курулушун гана эмес, көп кабаттуу үйлөрдү (социалдык турак жайларды кошо алганда) курууну да өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө жана артыкчылык берүүгө мүмкүндүк берет.
Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга төмөнкүдөй: турак жай-курулуш кооперативдерин түзүү, турак жай-курулуш аманаттарынын тутумун жана ипотекалык программаларды ишке киргизүү, негизинен аз камсыз болгон адамдарды жана башка турак-жай сатып алуу үчүн жетиштүү кирешеси жок калктын социалдык жактан аялуу муктаж топторун: майыптарды, жетим балдарды, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди камсыз кылуу үчүн, ошондой эле Бишкек шаарында иштеген жаштар үчүн муниципалдык турак жай фондун түзүү – муниципалитет менен инвесторлордун (куруучулардын) ортосунда үлүштүк катышуунун негизинде, анын ичинде кайрымдуулук жана гранттар түрүндөгү ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен курула турган социалдык ижаралык турак жайды сатып алуусуз берүү шаймандарын киргизүү да көмөктөшөт.
3. Программанын негизги максаты, милдеттери жана жүзөгө ашыруу
мөөнөтү
4.1. Программанын максаты Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүүнүн эсебинен жеке турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү жана жаңыдан түзүлгөн жер участокторун муктаж катары кезекте турган жана ушул жер участорун Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укуктук негиздери бар жарандардын менчигине жеке турак жай курууга берүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
4.2. Аталган максатка жетүү төмөнкү индикаторлор менен өлчөнөт:
- айыл аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын бир жаранын турак жай менен камсыз болушун көбөйтүү;
- калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жана айыл аймагында жаңы калктуу конуштарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде бөлүнүп берилген жер участокторунун аянты;
- жер участокторун алууга укуктуу жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон жер участокторунун санында жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз жер участогун алууга укуктуу жарандарга берүү үчүн түзүлгөн жер участокторунун үлүшү;
- ушул программаны жүзөгө ашыруунун алкагында жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз жер участогун алууга укуктуу жарандарга берүү үчүн түзүлгөн жер участокторунун саны;
- жер алууга ушул негиз боюнча укуктуу жарандардын жалпы санында (гендердик жана жаштар саясаты боюнча индикаторлорду кошкондо) жаңы түзүлгөн жер участокторунун мекчикке акысыз берүү укугун ишке ашырган, жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга укуктуу жарандардын үлүшү;
- отчеттук жылда ушул программаны жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынын үлүшү отчеттук жылда программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражатынын жалпы көлөмүндө.
4.3. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралат:
1. Жеке турак жай куруу максаты үчүн жер участокторун берүүнү камсыз кылуу;
2. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун инфратүзүм менен камсыз кылуу.
1-маселе. Жеке турак жай куруу максаты үчүн жер участокторун жарандарга берүүнү камсыз кылуу;
Аталган маселеге жетүү үчүн жыйынтыктардын көрсөткүчү төмөнкүлөр менен өлчөнөт:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын Кыргыз Республикасынын жарандарына кезектүүлүк тартибинде жана бош жерлер болгон шартта алардын арыздарынын негизинде жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө чечимдери;
2. Жарандарга жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун аянты.
2-маселе. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун инфратүзүм (социалдык, инженердик, транспорттук ж.б.) менен камсыз кылуу.
Аталган маселеге жетүү үчүн жыйынтыктардын көрсөткүчү төмөнкүлөр менен өлчөнөт:
1. Жеке турак жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу үчүн курулган инфратүзүм объекттеринин (социалдык, инженердик, транспорттук ж.б.) саны жана аянты;
2. Жеке турак жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу үчүн каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жалпы көлөмүндө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын үлүшү.
4. Программанын башкы (негизги) иш-чаралары
4.1. Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүү боюнча маселени чечүү. Аталган маселени чечүү үчүн Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүү максатында чектеш айыл аймактарынын башка категориядагы жер участокторун которууну жүргүзүү зарылчылыгы бар. Башка категориядагы жерлерди калктуу конуштардын жерлерине жеке турак үйлөрүн куруу зоналарын түзүү максатында Министрлер кабинети тарабынан Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын өзгөртүүчү аймактык пландоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар ишке ашырылышы керек.
Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүү боюнча маселени демилгелөө, даярдоо жана илгерилетүү жана жаңы калктуу конуштарды түзүү ЖӨБ органдары тарабынан жер мыйзамына, административдик-аймактык түзүлүш жана жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселелерин жөнгө салуучу мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүүгө тиешелүү жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүзөгө ашырылат.
5.2. Кеңейтилген аймактарды жана жаңы түзүлгөн калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын жана келечектүү пландарын даярдоо жана бекитүү. Кеңейтилген аймактарды пландоо ушул аймакты кеңейтүүнүн негизинде түзүлө турган жер участокторуна башкы планды иштеп чыгуу жана бекитүү аркылуу ишке ашырылат. Аталган участоктордун курулуш схемалары/толук пландаштыруу пландары; инженердик-транспорттук инфратүзүмдүн келекчектүү пландары; аймактын турак жай, социалдык, маданий, коммуналдык-тиричилик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечектүү пландары тиркелген өнүктүрүүнүн башкы планы болот.
Кеңейтилген аймактарды өнүктүрүүнү пландаштыруунун бардык аталган элементтери айыл аймагынын экономикалык адистешүүсү, географиялык жана маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышта болот.
Шаар куруу документтери бүткүл айыл аймагын өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен калктуу конуштарды долбоорлоо аркылуу кеңейтилген аймактарды башкаруу, жөнгө салуу жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн иштелип чыгат.
Атайын тармактык схемаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген өрттүн алдын алуу боюнча, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча, эстеликтерди коргоо боюнча, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча, жер ресурстары жана жер мамилелери чөйрөсүндөгү жана башка шаар куруу ченемдери менен өз ара байланыштагы атайын нускамалардын же тармактык ченемдик жоболордун талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен аткарылуучу кеңейтилген аймактардын жана жаңы түзүлгөн калктуу конуштардын шаар куруу документтеринин заказчылары болуп Аламүдүн айыл өкмөтү же анын тапшыруусу боюнча аймактык архитектура жана шаар куруу органдары саналат.
Долбоорлоо тапшырмасы (долбоордун заказчысы тарабынан) долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды көрсөтүү менен, иштин түрүн, долбоордук документтердин курамын, иштеп чыгуу мөөнөттөрүн, макулдашуу тартибин аныктоо менен башкы долбоорлоочу уюм менен бирге түзүлөт жана заказчынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
Шаар куруу документтеринин курамында долбоорлоо тапшырмасына ылайык негизги графикалык материалдар жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр аткарылат.
Шаар куруу документтерин иштеп чыгуучулар шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиялары бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер боло алат.
Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда маанилүү шаар куруу түйүндөрүнө, көчөлөрдү, кварталдарды, кичи райондорду курууга конкурс уюштурууга болот. Шаар куруу документтерин иштеп чыгууга конкурс уюштуруу жөнүндө чечим архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдарынын сунушу боюнча Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Шаар куруу документтери иштелип чыккандан кийин, анын ичинде конкурстук негизде, бекитүүгө берүү үчүн архитектуранын жана шаар куруунун тиешелүү аймактык органдарына берилет.
Түрдүү деңгээлдеги шаар куруу документтерин (жайгаштыруу схемаларын, аймактык схемаларды, башкы пландарды, толук пландоо долбоорлорун (ТПД), курулуш долбоорлорун) иштеп чыгууда долбоордук чечимдердин ырааттуулугу жана өз ара келишүү принциптери сакталууга тийиш. Эгерде аймакты жана калктуу конушту келечектүү өнүктүрүү, мамлекеттик коопсуздук жана коомдук кызыкчылыктар сакталса, иштеп чыгуунун ырааттуулугунда белгилүү шарттарда (жекеден жалпыга долбоордук иштеп чыгууну талап кылган түзүлгөн шаар куруу кырдаалын өзгөртүү) жалпыдан жекеликке негизделген четтөөгө жол берилет же баскычтарды (жайгаштыруу схемаларын, аймактык схемаларды, башкы пландарды, ТПД, курулуш долбоорлорун) жарыш иштеп чыгууга жол берилет.
Уруксат берүүчү документтерди даярдоодо, белгилүү аймактарга шаар куруу документтерин иштеп чыгуу мезгилинде, долбоордук чечимди кабыл алууга таасир этүүчү бардык маселелер шаар куруу документтерин башкы иштеп чыгуучу менен кат (корутунду) түрүндө макулдашылууга тийиш.
Шаар куруу документтеринин курамында бекитилүүчү бөлүгү бөлүнүп турат. Шаар куруу документтеринин бекитиле турган бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кийинки этапты иштеп чыгууда шаар куруу документациясынын иерархиясына ылайык корутунду түрүндө иштеп чыгуучу менен макулдашуу боюнча учурдагы шаар куруу кырдаалынын өзгөрүшүнө жана белгиленген тартипте бекитилишине байланыштуу тиешелүү техникалык-экономикалык негиздеме менен жол берилет.
4.3. Жеке турак жай курууга жана инфрастүзүмгө (социалдык жана инженердик) жер участокторун берүү үчүн жер участокторун түзүү. Жер участогун түзүү боюнча иштер атайын ыйгарым укуктуу органдар (курулуш жана архитектура органдары) тарабынан жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, жер участогун түзүү боюнча иштерге тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөр жана турак жай-коммуналдык чарба уюмдары (муниципалдык мекемелер жана ишканалар), мамлекеттик каттоо кызматынын органдары ж.б. катышат. Ар бир кызмат өзүнүн карамагындагы маселелердин чөйрөсүнө жараша конкреттүү жер участогу боюнча корутунду түзүүгө милдеттүү. Түзүлгөн корутундулардын негизинде шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык курулуш жана архитектура органы тарабынан Жыйынды корутунду түзүлөт.
4.4. Жеке турак жай куруу максатында КР жарандарына жер участокторун берүү калктуу конуштардын башкы пландарына, ал эми алар жок болгон учурда – облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган кеңейтилген аймактын башкы пландарынын схемаларына ылайык жана жер, шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык ишке ашырылат.
Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын Тескемесинин негизинде түзүлө турган комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган максаттар үчүн жер участогун берүү кирет.
Жеке турак жай курууга жарандарга жер участогун берүү Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жер участогун берүүгө укуктук негиздери бар жеке турак жай курууга Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз жер участогун бөлдүрүүгө муктаж катары Кыргыз Республикасынын жаранын кезекке коюу жөнүндө токтомунун негизинде ишке ашырылат.
Ушул жарандардын берилген жана катталган арыздарынын негизинде түзүлгөн жер участокторун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу акысыз алууга кезекте турган, “Түндүк”, “Санарип” жана башка автоматташтырылган маалыматтык тутумдарында жана башка электрондук маалыматтык тутумдарында текшерүү жол-жоболорунан, ошондой эле Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемесинин негизинде түзүлө турган компетенциясына жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган максаттар үчүн жер участогун берүү кирген комиссиянын бекитүү жол-жоболорунан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси түзүлөт.
4.5. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун социалдык жана инженердик инфрастүзүм менен камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке турак жай куруу үчүн менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммуналдык, транспорттук, инженердик жана социалдык инфрастүзүм менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
5. Жеке турак жай куруу максаты үчүн жарандарга жер участокторун
берүүнү камсыз кылуу
5.1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз жеке турак жай курууга жер берүүдө Аламүдүн айыл аймагында ЖТК үчүн эркин түзүлгөн жерлер болгондо жүргүзүлөт.
5.2. Жынысы, расасы, аялуулугу, этникалык тиешелүүлүгү боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарга карабастан 18 жашка толгон, жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга муктаж катары кезекте турган жана бул жер участокторун алууга укуктук негиздери бар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо - облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.
5.3. Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемесинин негизинде түзүлө турган комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жер мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган максаттар үчүн жер участогун берүү кирет.
5.4. Берүүнүн объекти болуп Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан жана жарандарга жеке турак жай куруу үчүн менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору саналат.
5.5. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн ченемдери (өлчөмү) Аламүдүн айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан аныкталат.
5.6. Жеке турак үйлөрүн куруу үчүн бериле турган жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөрү болбоого тийиш.
5.7. Аламүдүн айыл өкмөтү өзүнүн расмий веб-сайтына жана ЖМКларга коомдук угууну өткөрүү датасын жана ордун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө кулактандыруу, жеке турак жай куруу үчүн жер алуучу жарандардын тизмеси жарыялайт.
5.8. Жеке турак үйлөрүн куруу үчүн жер участоктору бош жерлер бар болсо биринчи кезектеги тартипте жер участоктору бериле турган 2010-жылдын апрель-июнь айларында болгон окуялардын натыйжасында каза болгон адамдардын балдарын, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда майып болгон, жаракат алган адамдарды жана каза болгон адамдардын балдарын кошпогондо, КР жарандарына берилген арыздарга ылайык кезектүүлүк тартибинде берилет.
5.9. Жеке турак үй куруу үчүн жер участогун акысыз алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары ээ:
- Аламүдүн айыл аймагында 1 жылдан кем эмес жашаган;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жок;
- турак аянты белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчигинде турак жайы (үйү, батири) жок;
- акыркы 5 жыл ичинде өзүнүн турак жай шартын начарлатууга багытталган, менчигиндеги турак жайды үчүнчү жактарга сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн түзүү, алмашуу, белекке берүү ж.б. аркылуу ээликтен ажыратууда байкалган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган.
5.10. Жеке турак жай курууга жер участогун алуу үчүн документтердин тизмеси:
- белгиленген форма боюнча арыз;
- өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо);
- эмгек ишмердигин жүзөгө ашырып жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч кат (жарандын арызы боюнча берилет);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын турак жайга же жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогуна менчик укугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуз статусун ырастоочу маалымкат;
- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчиктеги турак жай бар болсо);
- жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.
Жарандардын арыз берүүсү жана ЖӨБ органдары тарабынан ЖТК үчүн жер участогун берүүсү үчүн жогоруда аталган документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн документтер/маалымкаттар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында суралат.
5.11. Жарандарга ЖТК үчүн жер тилкелерин берүүдө “Бирдиктүү терезе” жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү принциптери киргизилет. Муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү бардык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына жана Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 180-27 токтому менен бекитилген Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү жөнүндө жобого ылайык электрондук түргө өткөрүлүүгө тийиш.
Ушул Программаны ишке ашыруунун алкагында ушул Программага катышууга жеткиликтүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу, жарандардын кыйыр чыгымдарын азайтуу, ачыктык принцибин ишке ашыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “адам факторунун” таасирин төмөндөтүү максатында төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу жер участогун акысыз алууга укуктук негиздери бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук кезектүүлүгү;
- ушул жарандар айыл өкмөтүнүн ЖТК үчүн жер участогун берүү жөнүндө токтомун алууга арыздарын электрондук түрдө берүүсүн;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында арыздарды берүү жана ЖТК үчүн жер участогун алуу үчүн зарыл болгон документтерди/маалымкаттарды ЖӨБ органдарынын электрондук түрдө алуусун.
Жарандар Программага катышуу үчүн электрондук арызды автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу, ошондой эле электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү платформалар аркылуу беришет.
Ушул Программага катышууга электрондук арыз келип түшкөндөн кийин Аламүдүн айыл өкмөтү ведомстволор аралык “Түндүк”, “Санарип” электрондук өз ара аракеттенүү тутуму жана башка электрондук маалыматтык тутумдар аркылуу мамлекеттик органдардан Программанын катышуучулары жөнүндө ЖТК үчүн жер участокторун берүүнүн укуктук негиздерине шайкеш келүүсүн текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурайт.
5.12. Жарандардын арыздары катталган жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жер участогун алууга укуктук негиздери бар, жеке турак жай куруу үчүн КР аймагында бир жолу акысыз жер участогун алууга муктаж катары Кыргыз Республикасынын жаранын кезекке коюу жөнүндө токтомдору чыккан күнүнө жараша “Түндүк”, “Санарип” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда жана башка электрондук маалымат тутумдардан текшерүү жана бекитүү жол-жоболорунан өткөн Программанын катышуучуларынын электрондук тизмеси түзүлөт.
5.13. Ушул Программанын алкагында “Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасына катышуу аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен өнөктөштүк негизде жеке муниципалдык турак жай фондун түзүү аркылуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун пландаштыруу, жеке өнөктөштү аныктоо боюнча конкурс жана түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдерине мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо маселелерин камтыган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун пландаштыруу жана ишке ашыруу тартибин аныктаган мыйзамдарга ылайык жамааттын деңгээлинде муниципалдык-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү жолу менен инвестицияларды тартуу аркылуу жарандардын, өзгөчө жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган аз камсыз болгон адамдардын жана социалдык жактан аялуу топтордун конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Муниципалдык-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу долбоорду ишке ашырууга жеке куруучулардын үлүшүн тастыктоо үчүн тандоонун негизги критерийлери жана шарттары төмөнкүлөр: чектөөлөрдөн же узак мөөнөттүү ижарадан эркин болгон жеке менчик укугундагы жер участогунун болушу; оң корутундусу бар көп кабаттуу турак үйдү курууга долбоордук-сметалык документтердин болушу; жер участогун жана долбоордук-сметалык документацияны күрөө түрүндө камсыздап берүүгө жеке куруучунун макулдугу; кабаттуулугу 5 кабаттан кем эмес көп батирлүү үйлөрдү куруу тажрыйбасы жана көп батирлүү турак үйлөрдү, унаа токтотуучу жайларды, көп батирлүү турак үйлөрдө коомдук багыттагы бириктирилген жана бириктирилип улай салынган жайларды курууга акча каражаты бар экенин ырастоо болуп саналат.
6. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун инфратүзүм менен
камсыз кылуу
6.1 Жеке турак жай куруу максатында берилүүчү жер участоктору зарыл болгон инженердик, транспорттук жана социалдык инфрастүзүм менен камсыз болушу керек.
6.2. Архитектура боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бөлүп берүүгө болжолдонгон жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга суроо-талап жөнөтөт.
6.3. Жер участокторун инженердик инфрастүзүм менен камсыз кылуу үчүн электр жана газ менен жабдуу чөйрөсүндө табигый монополиялардын субъекттеринин катышуусунда, ушул уюмдардын инвестициялык долбоорлорун/программаларын аймактык пландоо документтери менен синхрондоштурууда, ошондой эле ушул Программанын алкагында жеке ЖТК үчүн жер участоктору берилген куруучу-жарандар менен түзүлө турган кошулуу (технологиялык кошулуу) келишимдеринин негизинде курулушту жүзөгө ашыруу максатка ылайыктуу.
6.4. Синхрондоштуруу боюнча конкреттүү иш-чаралар жеке турак жай куруу үчүн инфрастүзүмдү өнүктүрүү долбоорунда/программасында да каралышы керек. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын, жол инфрастүзүмүнүн объектилерин куруу үчүн каржылоо жетишсиз болгон учурда ЖӨБ органдары республикалык бюджеттен жана башка булактардан дем берүүчү гранттарды алууга табыштамаларды даярдашат жана беришет.
6.5. ЖТК үчүн инженердик жана транспорттук инфрастүзүм объектилерин куруу үчүн ЖТК максатында комплекстүү өздөштүрүү үчүн аянтчаларды даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоо зарылчылыгы эске алынууга тийиш жана аймакты жабдуу боюнча иштерди аткаруу үчүн өзүнчө долбоорлор/программалар (инженердик, транспорттук жана социалдык инфрастүзүм), инженердик-транспорттук инфрастүзүмдүн келечектүү пландары, аймактардын социалдык, маданий, коммуналдык-тиричилик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечектүү пландары менен жөнгө салынышы мүмкүн.
6.6. Кеңейтилген аймактарда жана жаңы калктуу конуштарда калкты сапаттуу ичүүчү суу жана суу буруу кызматтары менен камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү суу менен жабдуу тутумдарын куруу аркылуу ишке ашырылат.
7. Программаны жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдардын
функциялары жана ыйгарым укуктары
7.1. ЖӨБ органдары берилген документтерди кароо үчүн төмөнкүдөй курамда комиссия түзөт:
- ЖӨБ органдарынын аткаруучу-башкаруучу жана өкүлчүлүктүү өкүлдөрү (комиссиянын тең төрагалары);
- архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлү;
- коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү.
7.2. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- жер участогунун натуралай документте белгиленген чек араларына жана аянттарына шайкеш келүүсүн текшерүү;
- жеке турак жай куруу үчүн берилүүчү жер участокторунун чек араларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
- сервитуттардын жана башка чектөөлөрүнүн болушун текшерүү.
7.3. Архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкүлүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын отурумдарын өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди даярдоо;
- бекитилген шаар куруу документтерин, курулуш ченемдерин жана эрежелерин эске алуу менен участоктун чектерин аныктоо;
- бөлүп берүүгө болжолдонгон жер участогун пайдалануу шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу шарттары жөнүндө санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга суроо-талапты ишке ашыруу;
- алынган корутундулардын негизинде жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жыйынды техникалык корутунду түзүү.
7.4. Жеке турак үйлөрүн куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын арызын кароо боюнча Комиссиянын ыйгарым укуктары:
- жеке турак үй курууга бөлүп берүү үчүн болжолдонгон ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү: жер участогу жайгашкан жерин (дарегин), кадастрдык номурун (бар болсо); чек араларын, сервитуттардын чектерин чийүү менен жер участогунун планын; түрдүү инженердик коммуникацияларга кошуунун шарттары жана болжолдуу баасы жөнүндө жыйынды корутундуну камтыган маалыматтык топтомду түзүү;
- жеке турак үйлөрүн куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн арыздарды жана коштоочу документтерди текшерүү;
- жер участогун берүү жөнүндө же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алуу.
Комиссия өз ишин мезгилдүү негизде, бирок айына бир жолудан кем эмес жүзөгө ашырат. Комиссиянын учурдагы иштерин Аламүдүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматтары жүргүзөт.
7.5. Калктуу конуштардагы жерлерди башкаруу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары:
Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен айылдык кеңештер:
1) райондун административдик-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт;
2) айыл аймагынын айылдык калктуу конуштарын куруу долбоорлорунун башкы пландарын бекитет;
3) жеке жактардын менчигине бериле турган жер участокторунун чектүү өлчөмүн аныктайт.
Айылдык кеңештер төмөнкүлөрдү белгилейт:
4) жеке көмөкчү чарбаларды жүргүзүү, турак үйлөрүн куруу жана күтүү үчүн жер участокторунун өлчөмүн;
5) жер кадастрын бекитет;
6) өз компетенциясынын чегинде жер мамилелери жаатындагы башка маселелерди чечет.
7.6. Калктуу конуштардын жерлерин башкаруу чөйрөсүндө айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкүлөр кирет:
1) жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен менчикке жана пайдаланууга берүү;
2) жерге жайгаштырууну уюштуруу;
3) жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) Жер кодексинде каралган жер мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы башка маселелерди чечүү.
8. Программаны жүзөгө ашырууну финансылык жана материалдык-
техникалык жактан камсыздоо
8.1. Программаны каржылоо жергиликтүү жана республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жана чегинде жүзөгө ашырылат.
2.2. Программа чыгашалар боюнча милдеттенмелерди гана белгилейт.
Каражаттын көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү финансылык жылдар үчүн жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин бекитилишине жана тактылышына жараша такталат.
Программага тиркеме:
1-тиркеме.
2022-2025-жылдарга карата калктуу конуштардын аймагын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын программасын жүзөгө ашыруу боюнча негизги иш-чаралардын планы
Катар № | Иш-чара | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү | Жүзөгө ашыруу индикаторлору | Эскертүү |
1. Аламүдүн айыл аймагын кеңейтүү боюнча маселени чечүү | |||||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдында айыл аймагынын калктуу конуштарын кеңейтүү жана жаңы конуштарды түзүү жөнүндө демилгени көтөрүү |
Айылдык кеңеш
Айыл өкмөтү
ММ же МИ
|
| 1. Зарыл документтердин токтому менен өтүнүч кат/кайрылуу; 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жана жаңы калктуу конуштарды түзүү (жер участокторун которуу/трансформациялоо) жөнүндө токтому |
|
2. Айыл аймагынын кеңейтилген калктуу конуштарын жана жаңы калктуу конуштарын укуктук зоналаштыруу жана аймактык пландоо | |||||
2.1. | ЖТК үчүн жер участокторун берүү ченемдерин (өлчөмдөрүн) белгилөө | Айылдык кеңеш
Айыл өкмөтү
|
| 1. ЖТК үчүн жер участокторун берүү ченемдерин (өлчөмдөрүн) белгилөө жөнүндө айылдык кеңештин токтому
|
|
2.2. | Айыл аймагынын кеңейтилген жана түзүлгөн жаңы калктуу конуштарын өнүктүрүүнүн долбоорлорун даярдоо жана башкы пландарын жана келечектүү пландарын бекитүү | Айылдык кеңеш
Айыл өкмөтү
Архитектуранын жергиликтүү органы |
| 1. Шаар куруу документтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга конкурс уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим 2. Айылдык кеңештин облустун, шаардын, райондун башкы архитектору менен макулдашылган калктуу конуштардын башкы пландарын, башкы схемаларын бекитүү тууралуу токтому 3. Курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери сакталды |
|
3. Жеке турак жай куруу жана инфрастүзүм үчүн жер участокторун берүүгө жер участокторун түзүү | |||||
3.1. | Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо-талап жөнөтүү жана корутунду алуу | Архитектуранын жергиликтүү органы |
| Тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу (өрт өчүрүү кызматы, СЭС, экологиялык кызмат ж.б.) |
|
3.2. | Жыйынды техникалык корутунду түзүү жана берүү | Архитектуранын жергиликтүү органы |
| Жыйынды техникалык корутунду |
|
3.3. | Берүү үчүн жер участоктору түзүлдү | Архитектуранын жергиликтүү органы |
| Кадастрдык номурду, жер участогунун дарегин: кварталдын номурун, жер участогунун номурун, жер участогунун аянтын көрсөтүү менен түзүлгөн жер участокторунун тизмеси
Кадастрдык (кырдаалдык) план
|
|
4. Жеке турак жай курууга жер берүү үчүн укуктук негизи бар КР жарандарына жер участогун берүү | |||||
4.1. | Жеке турак жай курууга жер берүү боюнча Комиссия түзүү | Айыл өкмөтү
|
| Айыл өкмөтүнүн башчысынын Комиссия түзүү жөнүндө тескемеси
|
|
4.2. | Жеке турак жай куруу үчүн жер участогун Кыргыз Республикасынын аймагынан бир жолу акысыз алууга укуктук негиздери бар жарандардын кезектүүлүк тизмесин бекитүү жана жарыялоо | Айыл өкмөтү
|
| 1. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга укуктук негиздери бар жарандардын кезектүүлүк тизмесин бекитүү жөнүндө Комиссиянын протоколу
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга укуктук негиздери бар жарандардын кезектүүлүк тизмесин бекитүү жөнүндө токтому 3. Аталган Тизмени маалымат такталарына жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жана ЖӨБ боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырылышы жөнүндө скриншот |
|
4.3. | Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө токтомдорду чыгаруу жана берүү | Айыл өкмөтү
|
| Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө токтомдор |
|
4.4. | Жер участокторун натуралай бөлүп берүү жөнүндө актыларды түзүү | Айыл өкмөтү
|
| Жер участокторун натуралай бөлүп берүү жөнүндө актылар |
|
5. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун социалдык жана инженердик инфрастүзүм менен камсыз кылуу | |||||
5.1. | Айылдык кеңештин социалдык жана инженердик инфрастүзүм объекттерин курууга бюджетти бекитүү жөнүндө токтомдору | Айылдык кеңеш |
|
|
|
5.2. | ЖӨБдүн аткаруучу органынын социалдык, транспорттук, инженердик инфрастүзүм объекттерин куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө токтому | Айыл өкмөтү
|
| Жер участокторун натуралай бөлүп берүү жөнүндө актылар |
|