САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII шайланышынын кезектеги чакырылышынын XXVI сессиясынын
2024-жыл 12-январы №01
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Сары-Булуң айыл өкмөтунүн бюджеттинин түзүлүшү боюнча ФЭБ башчысы У.Далбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү ХXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтунүн 2024-жылга карата бюджети бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин төрайымы: | Эпеева В.М. |