Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII шайланышынын кезектеги чакырылышынын XXVI сессиясынын
2024-жыл 12-январы №03
Кара-Суу жайыт комитетинин 2023-жылга аткарылган иштери тууралуу маалыматы жана 2024-жылга бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу жайыт комитетинин башчысы Баатырбеков Апастын маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү ХXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кара-Суу жайыт комитетинин 2023-жылга аткарылган иштери тууралуу маалыматы жактырылсын жана 2024-жылга бюджети бекитилип берилсин.
2. Жайыт комитетинин 2023-жылдагы үнөм болуп калган акча каражатынан 65 000 (алтымыш беш миң) сомдук боз үй алынып, айыл өкмөтүнүн балансысына өткөрүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Баатырбековго жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
6.
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин төрайымы: | Эпеева В.М. |