Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 122
2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690, 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 токтомунун редакцясына ылайык)
Эл аралык стандарттарга ылайык келген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана анык маалыматтарды алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында малдарды жана үй канаттууларын бир убакта өткөрүүнү жана кайра эсепке алууну кароо менен 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилде кезектеги айыл чарбасын каттоо өткөрүлсүн.
2. 2024-жылдын 18-ноябрынан 7-декабрына чейинки мезгилде айыл чарбасын пилоттук каттоо Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо (Гүлбахор, Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм айылдарында) жана Чек-Абад (Көчүбаев, Агроном, Жакшылык, Жар-Кыштак, Күкалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн айылдарында) айыл аймактарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский (Красная Речка айылы) жана Милянфан (Милянфан айылы) айыл аймактарында өткөрүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690 токтомунун редакцясына ылайык)
3. 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планы 3-тиркемеге ылайык.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоонун маалыматтарын чогултууга жана жыйынтыктарын иштеп чыгууга тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсацияларынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
3) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары (анын ичинде окуу жайларынын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермердик) чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары (жамааттык бакчалар жана огороддор) айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш;
2) айыл чарбасын каттоо жердин ээлерин жана категорияларын аныктоо үчүн жерди пайдалануу бөлүгү боюнча маалыматтарды документтик ырастоолор менен жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарбасын каттоону уюштурууну жана координациялоону, жыйынтыктоочу маалыматтарын иштеп чыгууну жана жарыялоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген эсептөөлөргө ылайык 2024-2027-жылдар мезгилинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансылык каражаттарды жыл сайын жана өз убагында бөлүүнү карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн компетенцияларынын чегинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетте мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген чыгаша сметаларына жана эсептөөлөргө ылайык аларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү карасын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Республикалык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
|
| 3-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштердин аталышы | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар |
1 | Өлкөнүн улуттук керектөөлөрүн эске алуу менен 2025-жылы айыл чарбасын каттоо программасына киргизилген көрсөткүчтөрдүн тизмегин аныктоо, айыл чарбасын каттоону эсепке алуунун формулярларын иштеп чыгуу жана 2025-жылы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын бекитүүсүнө берүү | 2024-жылдын 1-майы | Улутстатком, СРАЧКИӨЖМ |
2 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, анын жыйынтыктарын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу максатында тышкы жана ички финансылык каражаттарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын августуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын августуна чейин | Улутстатком жана эл аралык донорлор |
3 | Айыл чарбасын каттоону уюштуруучулук-методологиялык камсыздоо | 2024-жылдын 1-августуна чейин | Улутстатком |
4 | Жер-жерлерде 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын июлуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын июлуна чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
5 | Айыл чарбасын каттоого өз убагында даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыздоо, каттоо персоналдарын тандоо, калктын арасында каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу, баннерлерди даярдоо жана илүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
6 | Аймактык статистика органдарын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүчү жана өткөрүүчү, каттоонун материалдарын кабыл алуучу жана текшерүүчү персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын октябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын октябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
7 | Облустардын, райондордун, шаарлардын, айылдык аймактардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардын административдик-аймактык чек араларын тактоо, алардагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аттарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерлерин тартипке келтирүү, үйлөрдүн номердик белгилеринин жана көчөлөрдүн аталыштары жазылган табличкалардын болушун камсыздоо менен курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдү аныктоону жана номерлөөнү камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын майына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын майына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
8 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата каттоо персоналына эмерек, компьютердик техника, инвентарь, телефон байланышы менен жабдылган, тиешелүү кайтарылуучу жайларды, аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча - автотранспорт бөлүп берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 15-августуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 15-августуна чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9 | Аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө тартылган каттоо персоналынын курамын бекитүү жана аймактык статистика органдары менен биргеликте аларга күбөлүктөрдү берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын ноябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
10 | Айыл чарбасын каттоону өткөрүүгө ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин, мектептердин мугалимдерин, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын окутуучуларын, он сегиз жашка толгон студенттерин жана окуучуларын, пенсионерлерди, ошондой эле эмгекке жөндөмдүү жумушсуз калкты тартуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын ноябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
11 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде тартылган каттоо персоналына (координаторлорго, инструктор-контролерлорго, каттоочуларга) күбөлүгүн көрсөтүүнүн негизинде транспорт берүүнү камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
12 | Кыргыз Республикасынын аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттерди айыл чарбасын каттоо менен толук камтууну камсыздоо чараларын көрүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
13 | Берилген аймактык мамлекеттик статистика органдарынын чыгымдарынын сметасына жана эсептөөлөрүнө ылайык 2025-жылга жергиликтүү бюджетте айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү кароо | 2025-жыл | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
14 | Калктуу конуштардын (шаарларды кошпогондо) жана көчөлөрдүн аттарын өзгөртүп атоону токтотуп туруу
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 25-ноябрына чейин | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
15 | Айыл чарбасын каттоодон өтүүгө тийиш болгон объекттердин тизмесин түзүү үчүн кыймылсыз мүлк реестринен маалыматтарды берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын майына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын майына чейин | Жер агенттиги |
16 | Айыл өкмөтүнүн карамагында жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда турган жерлер жөнүндө маалыматтарды берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын июлуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын июлуна чейин | Жер агенттиги |
17 | Каттоону райондоштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн колдонуудагы санариптик карталарын берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын августуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын августуна чейин | Жер агенттиги |
18 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарбасын каттоону уюшкандыкта өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин | ИИМ |
19 | Зарыл болгон маалыматтарды берүүдөн качкан жана каттоо персоналынын чарбанын аймагына кирүүсүнө тоскоолдук кылган жактарга карата таасир этүү чараларын көрүү (актыларды түзүү) | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин | Улутстатком |
20 | Айыл чарбасын каттоону өткөрүүгө тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-декабрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин | ИИМ |
21 | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу | 2024-2025-жылдар | ӨКМ |
22 | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларынын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу | 2024-2025-жылдар | ЭМ |
23 | Билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун ведомстволук түзүмдөрүндө иштеген адамдардын арасында айыл чарбасын каттоонун максаттары жана мааниси жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу | 2024-2025-жылдар | БИМ, ССМ (макулдашуу боюнча) |
24 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдыруу, атайын рубрикаларды киргизүү жана КР статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен берүүлөрдү туруктуу негизде даярдоону камсыз кылуу | 2024-2025-жылдар | УТРК, "ЭлТР" МТРК, "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясы жана "Кыргыз-Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрү |
25 | Комиссияга "2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берүү | 2024-2025-жылдар, квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин | Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
СРАЧКИӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
"ЭлТР" МТРК | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы. |
|
| 4-тиркеме |
2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоонун маалыматтарын чогултууга жана жыйынтыктарын иштеп чыгууга тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсацияларынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Персоналдын аталышы | 1 кызматкердин ишинин узактыгы | Айына компенсациянын өлчөмү (сом) |
Каттоо персоналы | |||
1 | Регистратор | 1 ай | 13305 |
2 | Каттоочу | 1 ай | 13305 |
3 | Инструктор-контролер | 1,5 ай | 13305 |
4 | Каттоо бөлүмүнүн координатору | 3 ай | 13305 |
5 | Корректировщик | 3 ай | 13305 |
6 | Коддоочу | 3 ай | 13305 |
Эскертүү:
1. Компенсациянын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жана иштеген адамдардын кызматтык маяналарына кошумча акылардын жана үстөктөрдүн райондук коэффициенттерин эсепке албастан белгиленген.
2. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоо маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга тартылган персоналдын негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы жана кошумча акыларынын бардык түрлөрү же окуган жери боюнча стипендиялары, ал эми убактылуу иштебегендердин - жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулу сакталат.
|
| 5-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Аталышы | Иштеген мезгили | Айына маянанын өлчөмү, сом менен |
1 | Айыл чарбасын каттоонун методология тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
2 | Айыл чарбасын каттоонун ресурстар менен камсыздоо тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
3 | Айыл чарбасын каттоонун уюштуруу тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
4 | Айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 23866 |
5 | Айыл чарбасын каттоо боюнча жетектөөчү адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 21894 |
6 | Айыл чарбасын каттоо боюнча адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 19994 |
7 | Облустардагы айыл чарбасын каттоо боюнча өкүл | 2025-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-мартына чейин | 25133 |
8 | Облустардагы айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2025-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-мартына чейин | 23866 |
9 | Райондордогу айыл чарбасын каттоо боюнча өкүл | 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин | 25133 |
10 | Райондордогу (шаарлардагы) айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин | 23866 |
11 | Райондордогу (шаарлардагы) айыл чарбасын каттоо боюнча жетектөөчү адис | 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин | 21894 |
12 | Райондордогу айыл чарбасын каттоо боюнча адис | 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин | 19994 |
13 | Айыл чарбасын каттоону программалык камсыздоону коштоо боюнча башкы инженер | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 27667 |
14 | Айыл чарбасын каттоону программалык камсыздоону коштоо боюнча инженер - маалыматтар базасынын системалык администратору | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 25766 |
15 | Айдоочу | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 17811 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жана иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына үстөктөрдүн райондук коэффициенттери белгиленсин.
2. Иш жүзүндө 11 ай жана андан ашык иштеген, убактылуу тартылган кызматкерлерге эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө өргүүсүнө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул.
|
| 6-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү (%) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 122
2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690, 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 701 токтомунун редакцясына ылайык)
Эл аралык стандарттарга ылайык келген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана анык маалыматтарды алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында малдарды жана үй канаттууларын бир убакта өткөрүүнү жана кайра эсепке алууну кароо менен 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилде кезектеги айыл чарбасын каттоо өткөрүлсүн.
2. 2024-жылдын 18-ноябрынан 7-декабрына чейинки мезгилде айыл чарбасын пилоттук каттоо Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо (Гүлбахор, Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм айылдарында) жана Чек-Абад (Көчүбаев, Агроном, Жакшылык, Жар-Кыштак, Күкалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн айылдарында) айыл аймактарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский (Красная Речка айылы) жана Милянфан (Милянфан айылы) айыл аймактарында өткөрүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 690 токтомунун редакцясына ылайык)
3. 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планы 3-тиркемеге ылайык.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоонун маалыматтарын чогултууга жана жыйынтыктарын иштеп чыгууга тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсацияларынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык;
2) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
3) 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары (анын ичинде окуу жайларынын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермердик) чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары (жамааттык бакчалар жана огороддор) айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш;
2) айыл чарбасын каттоо жердин ээлерин жана категорияларын аныктоо үчүн жерди пайдалануу бөлүгү боюнча маалыматтарды документтик ырастоолор менен жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарбасын каттоону уюштурууну жана координациялоону, жыйынтыктоочу маалыматтарын иштеп чыгууну жана жарыялоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген эсептөөлөргө ылайык 2024-2027-жылдар мезгилинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, жалпылоо жана жарыялоо үчүн финансылык каражаттарды жыл сайын жана өз убагында бөлүүнү карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн компетенцияларынын чегинде айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетте мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген чыгаша сметаларына жана эсептөөлөргө ылайык аларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү карасын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Республикалык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
|
| 3-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-сентябрындагы № 568 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 701 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иштердин аталышы | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар |
1 | Өлкөнүн улуттук керектөөлөрүн эске алуу менен 2025-жылы айыл чарбасын каттоо программасына киргизилген көрсөткүчтөрдүн тизмегин аныктоо, айыл чарбасын каттоону эсепке алуунун формулярларын иштеп чыгуу жана 2025-жылы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын бекитүүсүнө берүү | 2024-жылдын 1-майы | Улутстатком, СРАЧКИӨЖМ |
2 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, анын жыйынтыктарын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу максатында тышкы жана ички финансылык каражаттарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын августуна чейин, негизги үчүн - 2026-жылдын мартына чейин | Улутстатком жана эл аралык донорлор |
3 | Айыл чарбасын каттоону уюштуруучулук-методологиялык камсыздоо | 2024-жылдын 1-августуна чейин | Улутстатком |
4 | Жер-жерлерде 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын июлуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын июлуна чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
5 | Айыл чарбасын каттоого өз убагында даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыздоо, каттоо персоналдарын тандоо, калктын арасында каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу, баннерлерди даярдоо жана илүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
6 | Аймактык статистика органдарын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүчү жана өткөрүүчү, каттоонун материалдарын кабыл алуучу жана текшерүүчү персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана инвентарь менен камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын октябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын октябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
7 | Облустардын, райондордун, шаарлардын, айылдык аймактардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардын административдик-аймактык чек араларын тактоо, алардагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аттарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерлерин тартипке келтирүү, үйлөрдүн номердик белгилеринин жана көчөлөрдүн аталыштары жазылган табличкалардын болушун камсыздоо менен курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдү аныктоону жана номерлөөнү камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын майына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын майына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
8 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата каттоо персоналына эмерек, компьютердик техника, инвентарь, телефон байланышы менен жабдылган, тиешелүү кайтарылуучу жайларды, аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча - автотранспорт бөлүп берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 15-августуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын 15-августуна чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
9 | Аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө тартылган каттоо персоналынын курамын бекитүү жана аймактык статистика органдары менен биргеликте аларга күбөлүктөрдү берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын ноябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
10 | Айыл чарбасын каттоону өткөрүүгө ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин, мектептердин мугалимдерин, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын окутуучуларын, он сегиз жашка толгон студенттерин жана окуучуларын, пенсионерлерди, ошондой эле эмгекке жөндөмдүү жумушсуз калкты тартуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын ноябрына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын ноябрына чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
11 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде тартылган каттоо персоналына (координаторлорго, инструктор-контролерлорго, каттоочуларга) күбөлүгүн көрсөтүүнүн негизинде транспорт берүүнү камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
12 | Кыргыз Республикасынын аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттерди айыл чарбасын каттоо менен толук камтууну камсыздоо чараларын көрүү | 2024-2025-жылдар | КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
13 | Берилген аймактык мамлекеттик статистика органдарынын чыгымдарынын сметасына жана эсептөөлөрүнө ылайык 2025-жылга жергиликтүү бюджетте айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү кароо | 2025-жыл | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
14 | Калктуу конуштардын (шаарларды кошпогондо) жана көчөлөрдүн аттарын өзгөртүп атоону токтотуп туруу | 2026-жылдын 1-январынан 15-апрелине чейин | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
15 | Айыл чарбасын каттоодон өтүүгө тийиш болгон объекттердин тизмесин түзүү үчүн кыймылсыз мүлк реестринен маалыматтарды берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын майына чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын майына чейин | Жер агенттиги |
16 | Айыл өкмөтүнүн карамагында жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда турган жерлер жөнүндө маалыматтарды берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын июлуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын июлуна чейин | Жер агенттиги |
17 | Каттоону райондоштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн колдонуудагы санариптик карталарын берүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын августуна чейин, негизги үчүн - 2025-жылдын августуна чейин | Жер агенттиги |
18 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарбасын каттоону уюшкандыкта өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин | ИИМ |
19 | Зарыл болгон маалыматтарды берүүдөн качкан жана каттоо персоналынын чарбанын аймагына кирүүсүнө тоскоолдук кылган жактарга карата таасир этүү чараларын көрүү (актыларды түзүү) | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин, негизги үчүн - 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин | Улутстатком |
20 | Айыл чарбасын каттоону өткөрүүгө тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыз кылуу | Пилоттук каттоо үчүн - 2024-жылдын 1-ноябрынан 20-декабрына чейин, негизги үчүн - 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин | ИИМ |
21 | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу | 2026-жыл | ӨКМ |
22 | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларынын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу | 2026-жыл | ЭМ |
23 | Билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун ведомстволук түзүмдөрүндө иштеген адамдардын арасында айыл чарбасын каттоонун максаттары жана мааниси жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу | 2026-жыл | БИМ, ССМ (макулдашуу боюнча) |
24 | Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдыруу, атайын рубрикаларды киргизүү жана КР статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен берүүлөрдү туруктуу негизде даярдоону камсыз кылуу | 2026-жыл | УТРК, "ЭлТР" МТРК, "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясы жана "Кыргыз-Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрү |
25 | Комиссияга "2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берүү | 2026-жыл, квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин | Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖМА жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
СРАЧКИӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
"ЭлТР" МТРК | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы. |
|
| 4-тиркеме |
2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоонун маалыматтарын чогултууга жана жыйынтыктарын иштеп чыгууга тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсацияларынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Персоналдын аталышы | 1 кызматкердин ишинин узактыгы | Айына компенсациянын өлчөмү (сом) |
Каттоо персоналы | |||
1 | Регистратор | 1 ай | 13305 |
2 | Каттоочу | 1 ай | 13305 |
3 | Инструктор-контролер | 1,5 ай | 13305 |
4 | Каттоо бөлүмүнүн координатору | 3 ай | 13305 |
5 | Корректировщик | 3 ай | 13305 |
6 | Коддоочу | 3 ай | 13305 |
Эскертүү:
1. Компенсациянын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жана иштеген адамдардын кызматтык маяналарына кошумча акылардын жана үстөктөрдүн райондук коэффициенттерин эсепке албастан белгиленген.
2. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоо маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга тартылган персоналдын негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы жана кошумча акыларынын бардык түрлөрү же окуган жери боюнча стипендиялары, ал эми убактылуу иштебегендердин - жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулу сакталат.
|
| 5-тиркеме |
2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 701 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аталышы | Иштеген мезгили | Айына маянанын өлчөмү, сом менен |
1 | Айыл чарбасын каттоонун методология тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
2 | Айыл чарбасын каттоонун ресурстар менен камсыздоо тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
3 | Айыл чарбасын каттоонун уюштуруу тобунун жетекчиси | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 26963 |
4 | Айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 23866 |
5 | Айыл чарбасын каттоо боюнча жетектөөчү адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 21894 |
6 | Айыл чарбасын каттоо боюнча адис | 2024-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин | 19994 |
7 | Облустардагы айыл чарбасын каттоо боюнча өкүл | 2026-жылдын январынан апрелине чейин | 25133 |
8 | Облустардагы айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2026-жылдын январынан апрелине чейин | 23866 |
9 | Райондордогу айыл чарбасын каттоо боюнча өкүл | 2026-жылдын февралынан апрелине чейин | 25133 |
10 | Райондордогу (шаарлардагы) айыл чарбасын каттоо боюнча башкы адис | 2026-жылдын февралынан апрелине чейин | 23866 |
11 | Райондордогу (шаарлардагы) айыл чарбасын каттоо боюнча жетектөөчү адис | 2026-жылдын февралынан апрелине чейин | 21894 |
12 | Райондордогу айыл чарбасын каттоо боюнча адис | 2026-жылдын февралынан апрелине чейин | 19994 |