ТОҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2022-жылдын 10-февралы № 1
2022-жылга Тоң айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын 2022-жылга бюджетин бекитүү боюнча Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга сунушталган жергиликтүү бюджеттин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2.2022-жылга Тоң айыл аймагынын бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 7 350,4 миң (жети миллион үч жүз элүү миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана бул каражаттын ичинен:
- бюджеттик каражаттар 6 640,4 (алты миллион алты жүз кырк миң төрт жүз)сом өлчөмүндө;
-атайын төлөм каражаттары 710,0 (жети жүз он миң) сом өлчөмүндө каралсын.
(1,2,3-тиркеме)
3. 2022-жылдын бюджетинин кассалык жүгүртүүсү 10,0 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2023-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7 476,4 (жети миллион төрт жүз жетимиш алты миң төрт жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинде теңдөөчү грант 2 497,0 (эки миллион төрт жүз токсон жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2024-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7 523,4 (жети миллион беш жүз жыйырма үч миң төрт жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинде теңдөөчү грант 2 497,0 (эки миллион төрт жүз токсон жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин .
6. 2022-жылга бекитилген Тоң айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Тоң айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айылдык кеӊешинин бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы м.а | Г.Мааданбеков |