КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 123
Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 792 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун жыйырма экинчи абзацы.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |