Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомуна) |
2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча республикалык комиссияны (мындан ары - Комиссия) уюштуруу жана иштөө тартибин белгилейт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасында 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоо максатында түзүлгөн ведомстволор аралык орган болуп саналат.
3. Комиссия өзүнүн ишин кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
4. Комиссиянын милдеттери Кыргыз Республикасында 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоодон турат.
5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- каттоо методологиясын жана инструментарийин (эсепке алуу формуляторун) карайт жана бекитет;
- айыл чарбасын каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон Комиссиянын иш-чаралар планында каралган иштердин жүрүшү жөнүндө отчетторду кабыл алат;
- айыл чарбасын пилоттук каттоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты угат жана түздөн-түз каттоо жүргүзүүгө карата даярдыктын даражасын аныктайт;
- айыл чарбасын каттоо жүргүзүү боюнча иштердин мониторинги жана маалыматтарды иштеп чыгуу этаптары жөнүндө маалыматты угат.
3. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан айыл чарбасын каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- методологияны иштеп чыгуунун жүрүшүндө сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө жана илимий мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген тиешелүү эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартуу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташууга;
- айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө жетишүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
7. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Комиссиянын иш пландарын, Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү графиктерин жана жыйналыштын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйналыштарын өткөрөт;
- Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурууну камсыз кылат.
8. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун, зарыл болгон маалымдама жана маалыматтык материалды даярдайт, ошондой эле Комиссиянын уюштуруучулук жана методологиялык ишин камсыз кылат.
9. Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнүн мөөнөттөрү Комиссиянын төрагасы же анын орун басары тарабынан, ошондой эле Комиссиянын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча аныкталат.
10. Комиссиянын жыйналыштары протоколдор менен таризделет жана эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, мыйзамдуу болуп саналат.
11. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышына катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп чыккан учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
12. Комиссиянын бардык чечимдери өзүнүн компетенциясынын алкагында аткаруу үчүн аткаруу бийлигинин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуусу милдеттүү.